Кочкор районунун Чолпон айылынын Корчубек Акназаров атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин тарбия иштеринин уюштуруучусу жана аймактык тескөөчү мектеп окуучуларынан жана ошондой эле бүтүрүүчү класстарга эскертүү бере кетишти.

Тарбия иштеринин уюштуруучусу Жумаалы уулу Адил
Жумаалы уулу Адил эскертүү билдирди:
«Мектепте окуу жылы аяктап калгандыктан окуучулардын коопсуздук эрежелерин кароо максатында жана министерликтин буйругу менен 25-майдан тартып экзамен бүткөнгө чейин күчөтүлгөн режимде рейд жүргүзүлөт». Ошондой эле укук коргоо кызматкерлеринин дагы атайын буйругу менен түзүлгөн рейди бар экен. Ошол менен биргеликте 25-май күндөн тартып 9-11класстын бүтүрүүчүлөрү акыркы экзамендерин берип, күбөлүк жана аттестат алган күнгө чейин болгон мекемелер, кызматкерлер биригип күчөтүлгөн тартипте рейд жүргүзүлөт. Ошондуктан бүтүрүүчүлөрдөн жана окуучуларга эскертүү: Окуучуларга эс алууга чыгууну, үйлөргө же болбосо кафелерге отуруш жасабоону, айылдан тышкары жактарга чыкпоону, кечинде авто унааларды айдабоону эскертип кетет элем».

Кочкор РИИБдин ЖИИнин аймактык тескоочусу милициянын капитаны Шаршенбеков Аязбек Шаршенбекович
Аязбек Шаршенбеков: «Саламатсыңарбы урматтуу окуучулар учурда жүрө турчу рейд боюнча баарына эскертүү бере кетсем: отуруш, кафе, тоого чыгып же болбосо башка эс алуучу жайларга барабыз деген нерселер болбосун жана ата-энелерге дагы эскертүү! Балдарына авто унааларын берип жибербесин, көчөлөрдө окуучулар авто унаасын айдап чыгып, бизге кармалып калышпасын, мына окууну бүтөбүз деп атканда, жогорку окуу жайга тапшыраарда өздөрүнөн өздөрү учётко алынып калышпасын».
Айчүрөк Сапаркулова