“Чолпон” жамааттык мультимедиа борбору

Кочкор району, Чолпон айылы

«Өзүңөрдү эч качан чектебегиле, бардыгы мүмкүн»

29 Май 2023 жыл 1:16
Көрүүлөрдүн саны: 96

Жыл сайын чет мамлекетте окуп, иштеген жаштардын саны өсүүдө. Алардын бири Бачайы Шайлообекова. Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Чолпон айылында туулуп, өскөн. Учурда Германияда эмгектенет. Бүгүнкү маегибизде чет мамлекеттин жашоосу, маданияты, өзгөчөлүктөрү туурасында айтып берди.

-Германияда жашап, эмгектенип жатканыңызга канча жылдын жүзү болду? Кайсы программа аркылуу кеттиңиз эле?

-2021- жылы Германияга көпчүлүк жаштар сыяктуу эле Au-Pair программасы аркылуу келдим. Au Pair — бул маданият алмашуу программасы. Демек, сен немис үй-бүлөсүнө келип, кадимки үй-бүлө мүчөсү катарында жашайсын. Тамак-ашы, жашай турган жери бекер. Чөнтөк акча айына 280€ берилет. Үй-бүлө мүчөсү болгондон кийин кадимкидей эле ал үй-бүлөнүн балдарын карашканга, үй жумуштарын жасаганга жардам бересиң. Программанын максаты-башка маданиятты жакындан таануу . Бирок баары эле ал максатка жетпейт. Азыркы учурда мен FSJ (Freiwillige Soziales Jahr- добровольный социальный год) деген программа менен ооруканада иштейм. Бул жактан дагы белгилүү бир суммадагы чөнтөк акы аласын, бирок иштеген сааттарын кадимки жумушчунун саатындай эле.

Бачайы Шайлообекова

-Эмнеден улам Германияга сапар тарткансыз?

— Менин Германияга кетүүмө немис тилин төмөн деңгээлде билгендигим түрткү болду. Бишкек шаарындагы университеттердин биринде немис тил багытында окучумун. Окуу узактыгы 5 жыл эле, мен 4-курсту бүтүп, өз каалоом менен университеттен чыгып кеттим. Себеби уялдым. Менин деңгээлим бутүрүүчүнүн деңгээлине бир топ эле жетпейт эле. Анын себептеринин бири акыркы жылдагы карантиндин айынан онлайн окуу болду. «Мен кантип окууну бүтүп, кайда иштейм? Мени жумушка ким алат? Кандай жумушта иштейм?» деген ойлор тынчымды алып жатты. Жыйынтыгында ушундай чечим чыгардым.

-Германиянын маданиятындагы өзгөчөлүктөр туурасында айтып берсеңиз…

-Немистердин балдарына берген тарбиясы биздикинен айырмаланып турат. Анткени балдары менен пикир алышканды билишет, өз жайына коюшат, балага тандоо мүмкүнчүлүгүн беришет. Бул ашкере эркелеткендик эмес, бардыгын өз чеги менен кылышат.

Баласы тамак жебейм десе, оозуна тыкпайт. «Анда курсагы ачканда жейт» деп өз жайына коюшат. Тепкичтен түшөм деп жатса «жыгыласын» деп көтөрө калышпайт, «оз жайына кой, үйрөнөт» дейт, ысык нерсени кармаса «эч нерсе эмес, кийинкисинде билип калат ал ысык экенин » деп коюшат. Менин оюмча бул да болсо, баланын келечектеги өз алдынча болуу, чечкиндүү болуусуна жакшы таасирин тийгизет.

Мага жаккан дагы бир нерсе бул- аял менен эркектин тең укуктуулугу. Немистер жумушту аялдыкы, эркектики деп бөлүшпөйт. Эркектери тамак жасап, баласын карап, үй жыйнап койсо, аялы бакчаны сугарып, жыйнап коет.

-Германияда закондор аябай күчүндө дешет. Ушул нерсе канчалык туура?

-Ооба, Германияда закондор аябай жакшы иштейт. Мисалы жөнөкөй эле бир адамдын сүрөтүн уруксатсыз соцтармактарга жүктөсөң, ал адам аны көрүп, арыз жазса, милдеттүү түрдө штраф төлөйсүң. Анан дагы ар бир үй (батир) радио жана телевидениеге ай сайын налог төлөшү керек, сенде телевизор жок болсо дагы төлөгөнгө милдеттүүсүң.

-Жаш өспүрүмдөргө кандай кеңеш берет элеңиз?

-Жаштарга айтаарым, тил үйрөнгүлө. Кайсы тилди окусаңар дагы, ошол тилдин мамлекетине барып, практика кылганга аракет жасагыла. Өзүңөрдү эч качан чектебегиле, кыялдангыла. Бардыгы мүмкүн.

-Маегиңизге чоң рахмат!

 

Ынтымак Таштанов