“Чолпон” жамааттык мультимедиа борбору

Кочкор району, Чолпон айылы

Каакымдан жасалган кыямдын пайдасы

28 Май 2023 жыл 21:43
Көрүүлөрдүн саны: 257

Азыркы учурда талааларда каакым гүлү гүлдөп турган учур. Ал жөн гана талаада өсүп турбастан, адам баласына да тийгизген пайдасы дагы көп. Аталган гүл өзүнүн кооздугу менен таанылат, бирок анын пайдасын жана өзгөчөлүктөрү жөнүндө билгендер аз.

Каакым өсүмдүгү

Каакым- көп жылдык чөп өсүмдүгү болуп саналат. Аны суулардын жээгинен, талаалардан кездештирүүгө болот. Каакымдын пайдасы өтө чоң. Көптөгөн ооруларга шыпаасы бар.
Андан кыям дагы жасоого болот. Каакымдын кыямы өтө даамдуу, балга окшош болот. Аны даярдоо үчүн алгач каакымды үзүп келүү керек. Каакымды үзгөндө дагы жалбарыктарын алып салуу кажет. Себеби ал ачуу даам бериши мүмкүн. Ошол себептүү сары гүлүн гана колдонуу зарыл. Аны жасоодон мурун жууса, андагы пайдалуу витаминдер кетип калышы толук ыктымал. Андан соң өлчөмүнө жараша суу кошулуп, жай отко 10 мүнөт кайнатабыз. Кайнагандан кийин ал чыпкадан өткөрүлөт. Чыпкалап бүткөн соң шекер кошуп, ал ээригенче коё турабыз. Эрип бүткөндө жай отко кайрадан 1 саат же жарым саат кайнатабыз. Канчалык көп кайнатсаңыз, ошончолук коюу болот. Бул каакымдын жасалышы өтө оңой жана жөнөкөй. Каакымдан жасалган кыям боорго пайдалуу, иммунитетти жакшыртат, өттүн, ошондой эле өпкөнүн көйгөйлөрүнө жана анемияга жардам берет.

Акылай Болотбекова