“Чолпон” жамааттык мультимедиа борбору

Кочкор району, Чолпон айылы

Кочкордо аба-ырайы кескин төмөндөдү

26 Май 2023 жыл 0:04
Көрүүлөрдүн саны: 70

Кыргызстан аймагында аба-ырайы өзгөрүүлүүдө. Кочкор районунун Чолпон айылында дагы кар аралаш жаан жаап жатат.

Жааган жаандын жакшы жагы чөптүн өсүшүнө, талаада эгилген арпа, буудайдын, мөмө жемиштердин өсүшүнө абдан чоң пайдасын берип жатса ошол эле убакта тоодогу малдарга жана чабандарга кыйынчылык туудурууда. Тоют кардын алдына калып калганына байланыштуу малчылар тоого чөп ташууда. Аба ырайынын температурасы 7°С. Көчөлөрдү суу каптап кыян жүрүүдө. 1 жумадан ашык убакыт жаан жаашы күтүлүүдө.

Каар жаап жатат. 

Суунун капташы

Жаандын жаашы

Кыян жүрүп суу чогулуп калган. Мектеп окуучулары суудан өтүп бара жаткан учуру

 

 

 

Айчүрөк Сапаркулова