Чолпон айылындагы Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин 1-4-класстарга ысык тамак берилет. Мектеп ашканасындагы ашпозчу айымдардын кызматын көп эле адам биле бербейт. Ашпозчунун кызматы кандай? Аны өзүнөн сурап көрдүк.

Назгүл Карбозова
14 жыл мектеп ашканасында эмгек кылган Карбозова Назгүл өзүнүн жумушун мындайча тааныштырды: «Биздин жумуш убактыбыз саат 7:00до башталып 9:35тен баштап тамак берип баштайбыз. Ар бир класска 15 мүнөттөн бөлүнүп берилген 1:30 сааттын ичинде тамактарын берип бүтөбүз. Баардыгы 208 балага ысык тамак беребиз. Ысык тамак өзү 2013-жылы кирген, ушундан улам балдарды ысык тамак менен камсыз кылып келебиз. Бизде 3 киши иштейбиз идиш жуугуч, ашкананы тазалагыч жана ашпозчу. Азык-түлүк менен айыл өкмөтү камсыз кылат калганы ата-энелердин эсебинен. Ата-энелер ай сайын 200 сом төлөнөт ушунун эсебинен баардык нерселерге жетет. Эт, ун жана тазалык буюмдары дагы ата-энелерден. 5-күн сайын жалаң эт менен түрдүү тамактар берилет. 1 жумада 3 жолу эт менен тамак, 1жолу каша, 1жолу ичине картошка, капуста салынган таттуу токоч берилет. Жумушубузду сүйүп иштейбиз бирок жумуш оор эле. Анткени свет өчүп калган күндөрү эшикке от жагып жазайбыз тамактарды».

Иш учуру

Ашкананын ичи

«208 баланын курсагын тойгузабыз»

Айчүрөк Сапаркулова