Кочкор районунун тургундарынын көпчүлүгү мал багуу жана дыйканчылык менен алектенишет. 24-майда Кочкор районунун тоолорунда кар жаап, дыйкандарды жана мал багуу менен алектенген чабандарды түйшөлтүп жаткан учуру.

Чолпон айылында 3 күн катары менен тынбай жаан жаап, 4-күнү тынбай жааган жамгыр карга айланды

Туруксуз аба-ырайынын кесепетинен карапайым калк тоого кетирген малдарын кайра айылга алып келүүгө дуушар болушууда

Жаз мезгилинин акыркы жумасында аба-ырайынын температурасы кескин төмөндөп кетти
Ынтымак Таштанов