Чолпон айылынын тургуну Таалайкүл Садыбакасова көп жылдардан бери булочка жасоо менен алектенип келет. Ишкердин наабайканасында 1 камыр жууругуч, 2 меш, 1 көптүргүч бар.

Таалайкүл Садыбакасова
Жеке ишкер Таалайкүл Садыбакасова: «Менин нан , булочкаларды жасап ишкерлик кылганыма 10 жылдан ашты. Мурун 2010- жылдары мектептерге булочка менен чай бериле баштаган эле. Ошол учурда мен дагы ушул ишти баштагам. Андан соң мектептердин бул каржылоосу ата-энелердин эсебине өткөндүктөн, дүкөндөргө жасай баштадык. Жасаганда дагы суроо-талаптарга, өтүмдүүлүгүнө жараша болот. Чолпон айылында 5- 6 дүкөн бар. Мына ошол дүкөндөргө керектүү учурларда өткөрүп турабыз. Ал эми жеке дагы буйрутма бергендер дагы жок эмес. Алардын айткандары боюнча, санына жараша сапаттуу, даамдуу кылып жасоого аракет кылабыз».

Роза Мамбеталиева
Чолпон айылынын тургуну Роза Мамбеталиева: «Мен мурун бул жерде 2 жылдай иштеген элем. Ал учурда дагы нан, булочка, кекс жана коржик сыяктуу таттуу токочторду ар бир күнү бышырчубуз. Алар бышкандан соң дүкөндөргө сатыкка коюлчу. Азыркы күндө деле аларды дүкөндөрдөн сатып алгандар көп. Бирок мен азыркы учурда ал жакта иштебейм. Таалайкүл эженин жасаган булочкалары өтө даамдуу, жогорку деңгээлде жасалат. Алардын көрүнүшү дагы абдан жакшы. Биз ар кандай тойлордо, куда-сөөк тосуп жатканда жана керек учурларда буйрутма беребиз».

Мештен чыккан учуру

Ысык таттуу токоч

Пластикалык баштыка салаардан мурда муздатылат. Себеби баштыкча бууланып калбоосу зарыл.

Муздаган соң сатыкка даярдалат

Андан соң дүкөнгө сатыкка берилет

Айыл тургундарынын, дүкөнчүлөрдүн айтымында жасалган булочкалардын сапаты, даамы өтө жакшы жана өтүмдүүлүгү дагы жогору.
Акылай Болотбекова