“Чолпон” жамааттык мультимедиа борбору

Кочкор району, Чолпон айылы

Учурда АПВГа каршы эмдөө жүрүп жатат

20 Май 2023 жыл 21:55
Көрүүлөрдүн саны: 283

Бүгүн Чолпон айылында 11 жаштан 14 жашка чейинки кыздарга АПВга каршы эмдөө жүргүзүлдү. Негизи эмдөө 2019-жылы эле алынмак, бирок COVID-19 чыгып калгандыгына байланыштуу 2022-жылга жылдырылган.

Вакцина 2022 жылдын ноябрынан баштап 11 жаштан 14 жашка чейинки бардык кыздарга сунушталат. Негизи 2019-жылы эле алынмак, бирок COVID-19 чыгып калгандыгына байланыштуу ошол кезде 11ге чыккандар 14 жашында алып калышкан.
Мамлекет вакцинага акча бөлүп берген. Бул АПВга каршы вакцина.
Эмдөөнүн пайдасы: инфекциялардан коргоо жатын моюнчасынын рагына чалдыгуу тобокелдигин азайтууга жардам берип, папиллома вирусун жуктуруп алуудан коргойт. Вакцина 0,5 мл дозада ийинеге, булчуң ичине гана жасоого арналган. Вакцина жыл сайын Кыргызстанда жүздөгөн аялдардын өмүрүн сактап калат.

Эмдөө учуру

Мектеп окуучуларын тизмеге алууда

Вакцина учурунан көрүнүштөр

Айчүрөк Сапаркулова