Азыркы заманбап технологиялар балдардын жашоосун чоң бурулушка өзгөрттү.
Оюн-бул балдар турмушту өздөштүрүүчү мектеп. Оюн бала үчүн тамактануу жана түш көрүү сыяктуу эле табигый муктаждык болуп саналат.
Биздин аталар-апалар айткандай алар ойногон жашынмак, көз танмай, качма топ сыяктуу оюндар аларды жоопкерчиликтүү болууга жана көп энергиясын коротууга мажбур кылышкан. Ушунун негизинде чарчашып уйкуга кетишкен. Бирок мезгилдер өзгөрүп көптөгөн башка чөйрөдөгүлөрдөй эле, алдынкы технологиялар балдардын оюндарга болгон мамилесин өзгөртүп салды. Мурда секирип ойноп, чарчап уйкуга кетчү балдар азыр үйлөргө камалып телевизор жана компьютер менен алек болушууда.

Компьютердеги кызыктуу оюн
Компьютер менен телевизор «жаңы бала багычуулар» болуп калышты. Сааттар бою унчукпай отурган балдар ата-энелерине жаккан жана ошол кезде алар келечектеги кумар оюндарынын каармандарын тарбиялап жатканын билишкен эмес. Бирок убакыттын отушу менен ата-энелер муну түшүнүшкөн жана балдары вертуалдык ааламдын кулу болуп калганын билишкен. Компьютердик оюндарды ойноо убагында адамдын мээси жогорку деңгээлдеги чыңалууга жетет. Ушул мезгилде «дофамин молекуласы» иштелип чыгат. Дофамин молекуласы адамды рахаттандырып, кубаныч тартуулайт. Бирок убакыттын өтүшү менен оюнга ассоциацияланган жана оюнга болгон көз карандылык пайда болот. Азыркы заманда кумар оюндарына болгон көз карандылык «лудомания» деп аталат.
Жүргүзүлгөн изилдөөлөргө таянсак комьпютерди көп ойногон балдар реалдуу жашоодон алыстап виртуалдык жашоодо калууну каалашат. Анткени виртуалдык жашоодо өздөрүн каалагандай баатырларга айландыра алышат.
Бул көйгөйдөн кантип чыгууга болот?
1) Эгерде бала да көз карандылык өрчүгөн болсо, адистерге кайрылуу керек.
2) Бала оюн ойноого белгилүү бир убакта бөлө тургандыгын түшүндүрүү же ойноо мезгилин чектөө.
3) Бала кайсы оюнга кызыгарын жана анын себептерин аныктоо.
4) Бала менен кошо интернет колдонуу.
5) Баланы спорт менен машыгууга шыктандыруу жана кызыктыруу.
6) Реалдуу достор менен бирдикте ойноосуна көз салуу.
7) Баланы эрктүү, жоопкерчиликтүү болууга тарбиялоо, акыл насаат айтуу.

Света Усупканова
Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Света Усупканова: «Азыркы замандын көйгөйлүү оюндары санап бүткүс. Бул жеке эле Кыргызстандагы көйгөй эмес, дүйнөлүк деңгээлдеги көйгөй деп ойлойм. Анткени азыркы учурда 5-6 жаштагы балдарга телефон менен алаксытып, аң-сезимине туура эмес таасирлерди берип жатабыз. Оюндарды эки тараптуу кароого болот. Биринчи жагы балдардын кругозорун өстүрүп, көп нерселерди үйрөтөт. Экинчи жагы психикасына терс таасирин жана залакасын тийгизүүдө. Бүгүнкү күндө телефон замандын талабы болуп жатат. Себеби: мектеп окуучулары «Күндөлүк» деген программа менен бааларын көрүшүүдө. Балдар туш тараптан маалыматтарды алып, изилдеп, ченелүү убакыттарда колдонсо, туура болот. Бирок кандайдын бир саналуу өлчөмдө».

Телефонго алаксыган балдар

Насыйкат Казиева
«Нур Чолпон» бала бакчасынын тарбиячысы Насыйкат Казиева:
«Балдарга компьютер оюндары эч кереги жок. Анткени балдардын психикасына, характерлерине терс таасир тийгизип жатат. Алар атышмай оюндарын ойноо менен адамдарды өлтүрүп, жинденип, сөгүнүп, жаман жактарга өзгөрүлүп баратышат. Балдар оюндарга берилип кетип, чыга албай чөйрөгө, окууга болгон кызуугусун толук жоготушууда. Бул жөнүндө көптөгөн окуялар бар. Азыркы учурда интернет өнүккөндүктөн, ошону менен бирге эле оюндар дагы өнүктү. Мисалы: оюндар залы, Pubg, Free fire жана башка. Ата-эне баласына көз салып, карап туруусу керек. Компьютер оюндары балдардын жашоосуна эч кереги жок».

Компьютерде өткөн ченемсиз убакыт

Динара Жанибек кызы
Ата-эне эки баланын апасы Динара Жаныбек кызы төмөнкүлөрдү айтты: «Мен компьютер оюндарына өтө терс көз караштамын. Оюндардан эч пайда жок, алар менен кызыктуу учур өткөргөнүн менен убактынды эч пайдасыз жоготосуң. Оюндарга болгон кызыгуу жогорулап, алардын ичинде жүргөнсүп, берилип, кийин соң эч чыга албай каласың. Балдарым көп убакыт телефондо отурат. Аларды көзөмөлдөйм, жардам берем көп убактымды балдарыма арнайм колуман келишинче. Оюн ойноосуна ченелүү убакыт бөлүп берем».
Асема Сүйүндүкова