Чолпон айылынын Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде 4-класстардын көчүрүү экзамендери башталды. Окуучулар математика, кыргыз тили жана орус тили сабактарынан экзамен тапшырышты.

Махабат Жекшеналиева
Корчубек Акназаров орто мектебинин 4-классынын мугалими Махабат Жекшеналиева: «Быйылкы 2022-2023-окуу жылынында 4-класстардан 2 бүтүрүүчү класс бар. Анын ичинен менин классымда 12бала, 12кыз жалпы 24 окуучу билим алууда. Экзамен тапшыруу деңгээли буюрса жакшы. Көчүрүү экзамени кыргыз тили, орус тили жана математика сабактарынан тапшырылып жатат. Алар берилген суроолорго толук жооп берип, өздөрүнүн жакшы жактарын гана көрсөтүп жатышат. Буюрса 5-класска барганда дагы окууну мыкты өздөштүрүп, андан ары алып кете алат деп толук ишенем».

Сайнап Калиева
Аталган мектептин математика мугалими Сайнап Калиева: «Окуучулардын билим деңгээли жакшы экен. Алар алгач 5 суроодон турган текшерүү иш жазышты. Андан соң оозеки эрежелерди, таблицаны сурап, оозеки эсептерди дагы сурадык. Математика сабагы оор сабак болгондуктан туюнтмаларды, эсептердин чыгаруу жолдорун изилдеп, талдап берүү ар бир баланын колунан келе бербейт. Ошондой болсо дагы аракет кылып ошол математикалык эсептерди, маселелерди чыгаруу жолдорун табып, жөндөп берген окуучулар да болду. Албетте, суроолорго жооп бере албай калган окуучулар деле кездешти. Бирок жалпы жонунан алганда жакшы жыйынтык көрсөтө алышты. Мен көп жылдардан бери мектеп окуучуларынан экзамендерди алып жүрөм. Ал эми былтыркы жылга салыштырмалуу быйылкы балдардын билим деңгээли жакшы экен».

Эгзамен учурундан бир көрүнүш

4-класстын окуучулары
Акылай Болотбекова