“Чолпон” жамааттык мультимедиа борбору

Кочкор району, Чолпон айылы

Мектеп китепканасы окуучулар үчүн кандай рол ойнойт?

17 Май 2023 жыл 23:24
Көрүүлөрдүн саны: 110

Корчубек Аканазаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин китепканасы мектеп окуучулар менен мугалимдери үчүн кандай рол ойнойт. Бул тууралуу китепканачы Гүлжан Шаршеева менен окуучулардын оюн угуп көрдүк.

Китеп- бул ички жан дүйнөнүн байлыгы. Китеп окуган адам башкалардан айырмаланып турат. Туура сүйлөп ой жүгүртүүсү жакшы келип көптөгөн ийгиликтерге жетүусүнө да себепкер болот. Ошондой эле замандын талабына ылайык электрондук китептер да чыгып жатат. Бул да болсо бир өзгөрүш. Келечекте башка да ачылыштар болоруна үмүттөнөбүз.

Гулжан Шаршеева

Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин китепканачысы Гүлжан Шаршеева: «Китепкана мектеп окуучулары үчүн чоң ролду ойнойт. Биз жалпысынан алганда 1-класстан баштап 11-класска чейинки мектеп окуучуларын китеп менен камсыз кылабыз. Андан тышкары китепканада бүт балдар үчүн «Керемет окуу», «Келгиле окуйбуз» китептери, ошондой эле жомок, адабий китептери келет. Мына ушул китептер менен балдарды өзүбүзгө тартып, китеп окууга үндөйбүз. Үзгүлтүксүз келип окуган окуучулар дагы бар. Алар түштөн кийин же бош убактыларында керектүү китептерин карточка аркылуу алып кетип, 1 жумадан соң кайра алып келишет. Аларды атап отурсаң аябай эле көп. Ошондой эле китепканага жеке эле окуучулар эмес мугалимдер дагы келип турушат. Эң активдүү катышкан мугалимдерден 10 чакты, ал эми окуучулардан Малика Жумабекова жана башкалар. Китепканадан Кипр аралынан келген китептер көп окулат. Китептердин келгенине көп болбосо да 140 окуучу жана 15тей мугалим окуп чыгышты.

Мектепте эң актуалдуу китептер

Бул китептерди 140тан ашык окуучу жана 10дон ашык мугалим окуп бүтүшкөн жана окуп келишет

Алгач китепке кызыкпай, кийин мурун эле окусак болмок деп өкүнгөндөр дагы болгон. Бул балдарда болгон өзгөрүүлөргө токтолсом, мурун электрондук китептерди дагы окуп калышты. Бирок азыркы учурда компьютерге көп басымдуулук кылбай, жомок жана адабий китептерге басымдуулук кылып калгандарын байкап жатам. Бүгүнкү күндө китепкана компьютер менен камсыз болуп, аны менен биргеликте электрондук китептерге өтүп жатабыз. Мунун жардамы менен китептерди электрондук түрдө дагы окусак болот».

Малика Жумабекова

Аталган мектептин 11-классынын бүтүрүүчүсү Малика Жумабекова: «Билимдин кени китепте»,-деген сөз бар эмеспи элибизде. Китеп менин жашоомдогу маанилүү ролдордун бирин ойнойт. Себеби, китеп окуу менен гана биз өзүбүздү өнүктүрө алабыз, китеп биз үчүн ажайып дүйнө ачат. Китеп акылыбызга акыл кошуп, билимибизди арбытат. Мектеп китепканасы жөнүндө айта турган болсом, чынында жан дүйнөмө жаккан китептердин көпчүлүгүн мектебибиздин китепканасынан окудум. Түрдүү жанрдагы китептер, анын ичинен дүйнөлүк фантастика, адабий чыгармалар абдан жагат. Көбүнчө тарыхый китептерди окууну жактырам. Китеп чындап мыкты жазылган болсо, айрым учурларда китептин ичине сүңгүп кирип, ошол замандын каармандары менен жүргөндөй сезимдер болот. Бул да болсо автордун мыкты жазгандыгынан кабар берет».

Китепкана үчүн компьютер берилген

Мугалимдер арасында Чынгыз Айтматовдун китептери көбүрөөк окулган

Жогоруда айтылгандай мектеп китепканасы баланын кичинекейинен аң сезимин күчөтүп, келечекте жакшы кесиптин ээси болушуна бирден бир себепкери. Ошондуктан окурман китеп окууну таштабайлы!

Кусейин Марат уулу