“Чолпон” жамааттык мультимедиа борбору

Кочкор району, Чолпон айылы

Чолпонго бардык органдарды текшерүүчү аппарат келди

21 Апрель 2023 жыл 23:38
Көрүүлөрдүн саны: 126

Кочкор районуна караштуу Чолпон айылына Россия Республикасынан алынып келинген бардык органдарды текшерүүчү аппараттар келди. Ошондой эле Россиянын Нижный Новогород шаарынан витаминдер алынат. Бул витаминдер адамдын ичиндеги курттарды ууландырып, сыртка алып чыгат.

«Мен, Жазгул Сергейевна «Голтревел» компаниясында 3 жылдан ашык убактан бери эмгектенип келем. Биз
Россиянын Нижный Новогород шаарынан чыккан витаминдерди алып келебиз.Бул витаминдердин бардыгы жер-жемиштерден, мөмөлөрдөн, дан-өсүмдүктөрүнөн даярдалат.Азыркы учурда баардык адамдар ооруп жатууда. Мурда улгайган адамдар ооруса, азыр жаңы төрөлгөн баладан баштап бардыгы ооруйт.
Эмнеге дегенде азыр аба булганган. Айылда унаалар көп жүрбөйт ошондуктан угарный газ менен ууланышпайт. Бирок мал менен аралашып жүрүшөт. Малдан да көптөгөн оорулар жугат.
Адамдар эмнеге эрте ооруга чалдыгышат?
Себеби туура эмес тамактануудан. Азыр тамак-аштын бардыгы ар кандай даарылар, химикаттар менен өстүрүлөт. Малды дагы ылдам өстүрүп,семириши үчүн даарыларды беришет. Ал эми адамдардын өзүндө витамин жок болгондуктан ар бир экинчи бала оорулу болуп төрөлүп жатат. Биз баарыбыз эле кышында ооруп калганда малинаны же карагаттарды кыям кылып, кайнатып витаминдерин өлтүрүп туруп жеп жатабыз. Ал бизге аз эле пайда берет.
Мисалы: бизде глюква , черная смородина деген продукциялар бар. Алардын жазалуу технологиясы карагатты 196° тондуруп , парашокко айландырып кичинекей эле флаконго 100 кг жер-жемишти батырып коёт. Ушундан жарым чай кашыктан сууга кошуп ичкенде , бир күндүк дозада 3 кг карагат жегенге барабар. Бул парашоктор гастрит, сахарный диабеттерге жардам берет.Биздин продукциялар адамдын ичиндеги курттарды ууландырып, сыртка айдап чыгат»

Россия Республикасынан келген аппарат

 

Компаниянын жумушчулары иш убагында

Аяна Эрланова, Айдана Сайнидинова