“Чолпон” жамааттык мультимедиа борбору

Кочкор району, Чолпон айылы

Павлин багуу менен алектенген айыл тургуну

13 Апрель 2023 жыл 18:59
Көрүүлөрдүн саны: 202

Кочкор районуна караштуу Ара — Көл айылынын тургуну Жаныбек Узагалиев 2 жылдан бери павлин багууда. Балапан кезинен алынып келинген павлиндер азыркы учурда чоңоюп, саны 18 ге жеткен. Павлиндерди кооздук үчүн багып келе жатат.

Павлиндердин саны 18ге жетти

Ара-Көл айылынын тургуну  Жаныбек Узагалиев: “Менин павлин багып келе жатканыма 2 жыл болду. Буларды Сокулуктун базарынан балапан кезинде 8 ди сатып келгем. Азыркы учурда павлиндердин саны 18. Павлиндерди багуумдун себеби, кооздук үчүн жана түйшүгү жеңил болгондуктан жана павлин бакканга кызыккандыктан багам. Короо алдында кооз болуп жүргөнү жагат, бала-бакырага дагы жагымдуу. Ал эми түйшүгү эң эле жеңил. Тооктор сыяктуу эле арпа, буудай жем жешет, бирок тооктой болуп көп жебейт. 20 тоок бакканча 1 павлин баккан оңой. 2-3 күндө бирден эле жумуртка тууйт. Павлиндердин ургаачысын 30-40 ка чейин жеткирейин деген оюм бар. Себеби ургаачы павлиндерим аз.”

20 тоок бакканча 1 павлин баккан оңой.

Назик Майрамбек кызы, Айтолкун Үсөйүнова