Кочкор районуна караштуу Ара-Көл айылынын ортодогу боз үйү эскиргенге байланыштуу Кожомберди уруусу Балыкчы шаарынан жаңы боз үй алып келишти.

Максат Бакиров: «Ара-Көл айылынын ортодогу боз үйү эскиргенге байланыштуу жаңы боз үй алдык. Кандай болгон күндө да жакшылык, жамандыкта боз үй тигилиши керек болот. Боз үй ата-бабалардан калган мурас. Ошондуктан жалпы колдонууга боз үй болгону жакшы».

Кожомберди уруусу чоңдугу 5 метр болгон боз үй алышты. Бир дасторконго олтуруп каалоо- тилектерин айтып отурушту. Элдин ынтымагын чыңдаган боз үй болушуна айыл тургундары кызыкдар.
Эскерте кетсек, айыл ичиндеги жакын тууган уруктар биригип, жамандык-жакшылыкка карата жалпы колдонууга боз үй алып колдонушат.
Нуртилек Айтбеков