“Чолпон” жамааттык мультимедиа борбору

Кочкор району, Чолпон айылы

«Англис тилинин бир айлыгы» жыйынтыкталды.

2 Март 2023 жыл 13:00
Көрүүлөрдүн саны: 266

28-февраль күнү Корчубек Акназаров орто мектебинде “Англис тилинин бир айлыгы” жыйынтыкталып, мектептин актовый залында концерт болуп өттү.

“Англис тилинин бир айлыгы” жыйынтыкталды.

Билим берүү жана илим министрлиги февраль айында окуучулардын англис тилине кызыгуусун жогорулатуу максатында мектептерге “Англис тилинин бир айлыгын” жарыялаган.

Айжан Акунованын сабагынан көрүнүш

Гулнур Сатыбалдиеванын сабагынан көрүнүш

Англис тили мугалими Айжан Акунова: «Февралдан баштап Корчубек Акназаров мектебинин мугалимдери ар кандай конкурстарды, ачык сабактарды өтүштү. Ал эми бүгүн “Англис тилинин бир айлыгын” жыйынтыктап, концерт коюп жатабыз. Бул концертте 9-класстар тарабынан англисче ценкалар коюлуп, ыр-бий, ар кандай англисче оюндар жана эмне үчүн англис тилди биз үйрөнөбүз, эмне үчүн англис тили керек деген докладдарды окушту.
Менин оюмча 9-класстар жогорку деңгээлде катышышты жана абдан жакшы даярданышыптыр! 9-класска ыраазычылык айтып кетким келет.
Ошондой эле ар бир класс өздөрү жасаган стенгазеталарды жакташты. Стенгазеталардын арасынан 5-в жана 9-б класстардын стенгазеталары эң мыкты деп табылды.
“Англис тилинин бир айлыгынын” уюштурулушу, концерттер, ар кандай конкурстар, ачык сабактар окуучулардын англис тилине болгон кызыгуусун өрчүтөт деп ойлойм».

Айдана Сайнидинова, Акылай Нурдинова