“Чолпон” жамааттык мультимедиа борбору

Кочкор району, Чолпон айылы

Чолпондо СПИД ке каршы күрөшүү боюнча конкурс болуп өттү

1 Декабрь 2022 жыл 23:41
Көрүүлөрдүн саны: 182

Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинде ар жыл сайын жалпы 9-класстын окуучулары арасында өтүлүүчү
«1-декабрь бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнүнө карата» конкурс уюштурулат. Аталган кароо сынакта, СПИД жөнүндө кененирээк маалыматтар айтылып, сценкалар чагылдырылат.

Дубал газеталарын жактап берүүдө

Конкурста окуучулар «СПИД оорусун кантип алдын алуу керек?», «Ал оорунун белгилери жана кандай жол менен жугушу мүмкүн?» деген суроолорго жетишээрлик маалымат топтошуп, дубал газета чыгарып, аларды жактап айтып беришти. Ошондой эле темага ылайыктуу көрүнүштөр коюлуп, ыр жана бий боюнча да таймашышты. Калыстар тобу жыйынтык чыгарышып, эң көп упай топтогон класска грамота жана акчалай сыйлык тапшырышты.

Жандуу үн менен ырдаган окуучулар

Жыйынтыгында 9в-классы биринчи орунга ээ болду

Малика Жумабекова