“Чолпон” жамааттык мультимедиа борбору

Кочкор району, Чолпон айылы

Чолпон айылындагы окуучулар Мамбетасан ажы Ибраев менен жолугушту

28 Ноябрь 2022 жыл 12:59
Көрүүлөрдүн саны: 75

Кочкор районунун Чолпон айылындагы Корчубек Акназаров атындагы орто мектепте 25-ноябрь күнү, Нарын облусунун экс-казысы Мамбетасан ажы Ибраев 7-11-класстар арасындагы окуучулар менен жолугушуп, аларды билим алуунун зарылдыгына, ыймандуулукка чакырган тарбиялык сабак өттү.

 

Мамбетасан ажы  мектеп жамааты менен

Жолугушууда окуучуларга адеп-ахлак, китеп окуунун пайдалары туурасында кеңири пикир алышты. Кыргызстандын келечеги жаштардын колунда экендигин, жаштар канчалык ыймандуу, билимдүү болсо, мамлекет дагы өнүгүп-өсөрүн баса белгиледи.

Мамбетасан ажы Ибраев 

«Жаштарга айтарым жалкоолукка, үмүтсүздүккө жол бербей, бир гана алдыга гана умтулгула. Изденбей, эч аракеттенбей туруп ийгиликке жете албайбыз. Бүгүнкү окуучуларга арналган мотивация пайдалуу жана сиңимдүү болду деп ойлойм. Жалпы мектепке албан-албан ийгиликтерди каалайм»,- деди Мамбетасан ажы Ибраев.

Тренинг учурунда

Малика Жумабекова, Аяна Аскарова