“Чолпон” жамааттык мультимедиа борбору

Кочкор району, Чолпон айылы

ЖРТда 200дөн ашкан алдыңкы окуучу автоунаага ээ болот

20 Ноябрь 2022 жыл 13:24
Көрүүлөрдүн саны: 762

Нарын областына караштуу Кочкор районунун Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинин 2022-2023-окуу жылынын бүтүрүүчүлөрү ЖРТга даярданууга чоң стимул алышты. Ушул мектепти бүтүп кетишкен, демөөрчүлөр Жакыпбек Бейшеналиев жана Майрамбек Казиев ЖРТнын жыйынтыгы менен 200 баллдан жогору алган алдыңкы окуучуга автоунааны жана даярдаган мугалимине акыркы үлгүдөгү iPhone телефонун белекке бермей болушту.

Асема Сүйүндүкова, Акылай Карыпбекова