“Чолпон” жамааттык мультимедиа борбору

Кочкор району, Чолпон айылы

Мугалимдер алгачкы жардам көрсөтүү боюнча билим алышты

31 Октябрь 2022 жыл 1:14
Көрүүлөрдүн саны: 252

Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинде «Коопсуз мектеп» аттуу тренинг болуп өттү. Тренингди Нарын облусунан Кызыл ай коомунун тренерлери келип өтүштү.

Адил Арымов

Адил Арымов улуттук кызыл ай коомунда тренер: «Чолпон айылына келип жатканыбыздын бирден бир максаты коопсуз мектеп боюнча ЮНИСЕФ менен биргеликте бул тренингди өтүп жатабыз. Мугалимдер өзгөчө кырдаалдарда окуучуларга тез жардам келгичекти туура жардам көргөзүлүшү керек экендиги тууралуу максат койгонбуз. Бүгүнкү өтүп жаткан тренингдин темасы «Алгачкы жардам» теория жана практикалык иш болуп өтөт. Учурда 20 мугалим катышып жатышат.

Окуучуларга базовый өзгөчө кырдаалда мектептин имаратынан кантип чыгып кетиш керектиги тууралуу маалымат бердик. Ал эми ошо кырдаалдагы биринчи жардамды кантип көргөзүлүшү керектиги мугалимдерге гана өтүлүүчү тема. Биз бул тренинкти бир гана Чолпонго эмес Кочкор району боюнча баардык мектептерге барып өтүп жатабыз».

Кутман Кенжебаев

Улуттук кызыл ай коомунун филиалынын ишкери Кутман Кенжебаев: «Кызыл ай коомунда «Коопсуз мектеп» проектиси бар. Ошол проектиде жер титирөөгө даярдануу, климат боюнча маалымат таркатып жатабыз. Бүгүнкү өтүп жаткан ишибиз сегиз сааттык тренинг. Тренингди өтүү үчүн 2адам келдик. Учурда тренинг жакшы өтүүдө. Мугалимдер активдүү катышууда. Биз менен чогуу иштешкен ЮНИСЕФ деген партнёрубуз менен биргеликте иш жүргүзүүдөбүз».

Тренинг болуп жаткан учур

 

Кусейин Марат уулу