“Чолпон” жамааттык мультимедиа борбору

Кочкор району, Чолпон айылы

Окуучулар туура кесип тандоого багыт алышты

7 Октябрь 2022 жыл 13:14
Көрүүлөрдүн саны: 309

Корчубек Акназаров атындагы орто мектебине Reality Future компаниясынын жетекчиси жана Манас Түрк университетинин мугалими Нурсултан Каныбеков IT боюнча жогорку класстын окуучуларына сабак өттү. Нурсултан убагында Муратбек Субакожоев атындагы Түрк лицейин аяктап, келечекте программист кесибине ээ болуу үчүн Манас түрк университетинде окуган.

Нурсултан Каныбеков окуучулар менен

Reality Future компаниянын башчысы Нурсултан Каныбеков: «Мен Манас Түрк унинверситетинде виртуалдуу жана чындык бөлүмүндө разработка кылам жана окуучуларды окутам. Мектепке келишимдин башкы максаты бул IT индустриясынын дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы ордун көрсөтүү болчу. Жоголуп бара жаткан кесиптер жана келечектеги кесиптер тууралуу толук маалымат берип кетейин дедим. Окуучулар бул жолугушууда интернеттин версиялары жана алардын айырмачылыктары, түрлөрү жөнүндө билишти. 2022-жылы технологиянын өнүгүшүнөн 75млн адам жумушсуз калуусу жана себеби тууралуу сөз болду. Ошондой эле туура кесип тандоону, кайсы окууга тапшырууга болорун айтып бердим. Азыркы заманда бул нерсе глобалдуу болгондуктан окуучулар кызыгуу менен катышышты. Бул да алардын жашоосуна өзгөрүш алып келет деген ойдомун».

 

Жогорку класстын окуучулары сабакка катышышты

Сабак учурунан бир көрүнүш

 

Гулира Сатарова, Кусейин Марат уулу