“Чолпон” жамааттык мультимедиа борбору

Кочкор району, Чолпон айылы

Биринчи жана даярдоо класстын окуучулары медкароодон өтүштү

30 Сентябрь 2022 жыл 22:13
Көрүүлөрдүн саны: 262

Кочкор районундагы Чолпон айылынын ооруканасында жыл сайын биринчи жана даярдоо класстарда медициналык кароо болуп турат. Жыйынтыгы кандай болгондугун үй- бүлөлүк мед айымы маалымдады.

Айзада Касымова

ГСБ №6 Чолпон айылынын үй- бүлөлүк мед айымы  Айзада Касымова:

«Жаңы окуу жылынын башталышына байланыштуу 1-класс жана даярдоо класстын окуучуларын медициналык кароодон өткөрдүк. Анын ичинен анемия болгон балдар жок. Бирок паразит оорусуна чалдыккан 3 учур катталды. Паразит оорусу бул аскарида жана острица деген мите курттар. Бул балдардын ата-энелерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, биз кеңештерибизди бердик. Мите курттар оорусу бизде таза суу жоктугунан да жугушу мүмкүн. Балдарга профилактика катары апрель айларында 1 таблеткадан альбендазол берилет. Мен жалпы эне-аталарга ушул оорулардын алдын-алуу үчүн эң биринчи кезекте өздүк гигиенаны таза сактап, сууну чийки ичпегиле деген кеңеш берет элем».

Медосмотр болуп жаткан учур

 

Кусейин Марат уулу, Акылай Болотбекова