Кочкор районунун Чолпон айыл өкмөтүнө караштуу айылдарда күзгү талаа иштери аяктап калды. Бирок толугу менен бүтө элек. Тоодон эрте келген малдар түшүмү жыйналып бүтө элек талаага түшүп жатышат.

Короого камалган жылкылар.

Корукчулар
Чолпон айылында үйүр-үйүр жылкыны короого айдап келип камашты. Эмне себептен камалып жатканын сурасак, Чолпон айылынын корукчусу Аскат Саматбек уулу төмөнкүлөрдү айтып берди:
«Мал убагынан эрте түшкөнүнө байланыштуу талаага киргизбей тосуп жатабыз. Себеби күзгү талаа иштери толугу менен бүтө элек. Экинчи чабык чөп жыйналып бүткөн жок. Башка малчылар да атаандашып эрте келбесин деп, малдарды тосуп кайра тоого айдатып жатабыз».
Талаада экинчи чабык чөп, самандар жыйналып бүтө элек.
Тоодон мал 1-октябрда түшүшү керек эле. Бирок ага жетпей эртелеп келип алган малдар толтура. Кээ бир жылкылар качып келсе, кээ бир малчылар көчүп келип алышкан. Талаанын ээлери малга талатпай түшүмүн жыйнап алууга болгон аракетин жумшап жатышат.
Гулира Сатарова