Айылды ысык нан менен камсыз кылган ишкер Бегайым Саадабаева биринчи булочка, бөлкө, духовкага лепешка бышырган. Элге тандырда бышкан лепешка жагымдуу болгондуктан азыр тандыр нан жасап, Чолпон, Дөн алыш, Мантыш, Ак-Талаа айылдарына чейин жеткирилет. Жумуш түнкүсүн башталып, эртең менен дүкөндөр нан менен камсыз болушат.
Асема Сыргакова, Айчүрөк Сапаркулова
Бул видеоматериал Германиянын Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү боюнча федералдык министрлигинин жана Deutsche Welle Akademie уюмунун колдоосунда Жамааттык ЖМКлардын Бирлиги ишке ашырган долбоордун алкагында даярдалды. Видеодо айтылган ой-пикирлер Германиянын Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү боюнча федералдык министрлигинин жана Deutsche Welle Akademie уюмунун пикирин сөзсүз түрдө чагылдырбайт.