“Чолпон” жамааттык мультимедиа борбору

Кочкор району, Чолпон айылы

Молдо Кылыч айылынан чыккан уз айым

31 Август 2022 жыл 15:28
Көрүүлөрдүн саны: 596

Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Молдо Кылыч айылынын тургуну Сайкал Ниязова кол өнөрчүлүк өнөрүн 19 жашында баштаган. Азыркы күндө чакан тигүү цехи бар. Жумушсуздук көйгөйү чечилип, айылдын келиндери иштешет. Андан сырткары шырдак жасап, төшөк курап, сеп, жеңе оокат даярдап заказ менен да иштейт. Ар кандай фестивалдарга катышат. Эмгеги бааланып медаль, ыраазычык кат, грамоталар менен сыйланып келет.

Гүлира Сатарова

Бул видеоматериал Германиянын Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү боюнча федералдык министрлигинин жана Deutsche Welle Akademie уюмунун колдоосунда Жамааттык ЖМКлардын Бирлиги ишке ашырган долбоордун алкагында даярдалды. Видеодо айтылган ой-пикирлер Германиянын Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү боюнча федералдык министрлигинин жана Deutsche Welle Akademie уюмунун пикирин сөзсүз түрдө чагылдырбайт.