“Чолпон” жамааттык мультимедиа борбору

Кочкор району, Чолпон айылы

Аудио: Соң-Көлдү сактап калуу жергиликтүү калктын колунда

13 Август 2022 жыл 23:52
Көрүүлөрдүн саны: 140

2022-жылдын 12-августунда Соң- Көл көлүнүн “Батай Арал” аймагында “Менин Соң-Көлүм” аттуу фестиваль өттү.
Бүгүнкү күндө Соң-Көлдө малдын санынын көбөйүшүнө байланыштуу жайыттар деградацияланып, ал аймакта жашаган жапайы жаныбарларга, канаттууларга коркунуч жаралууда. Уулу өсүмдүктөр көбөйүп, малдар өлүмгө дуушар болууда. Жылдан жылга туристтердин саны көбөйүп, таштандылар ыргытылат.
Бул көйгөйлөрдү талкуулап, жергиликтүү калк менен анын чечүү жолдорун издөө фестивалдын максаты болду.

Гүлира Сатарова