“Чолпон” жамааттык мультимедиа борбору

Кочкор району, Чолпон айылы

Чолпондо Курман айтка 13 бодо мал союлду

13 Июль 2022 жыл 19:34
Көрүүлөрдүн саны: 90

Чолпон айылында Курман айт күнүнө карата айыл ичинде 13 бодо мал курмандыкка чалынды. Аны Чолпон айыл өкмөтүнө кирген 9 айылдагы майып адамдар, жетишпеген үй бүлөлөргө таратышты.

Тилек Султанбеков

Тилек Султанбеков:

«Саламатсыздарбы, кыргыз элим. Биз Кочкор районунун Чолпон айылынын тургундары болобуз. Бүгүнкү Курман айт  майрамыныздар менен баарыңыздарды куттуктайбыз. Курман айтка байланыштуу Чолпон айылынын 1979-жылкы  балдардын атынан, 7 бала биригип, курмандык кылып аттык эле. Курмандыгыбызды өз чөнтөгүбүздөн чыгарып сатып алдык. Бир бодо мал алдык, уй баласынан. Анан ошону жетишпеген жакыр үй бүлөлөргө берип коёлу деп чечтик. Быйылкы саамалыбыз 5-6-сы болуп калды. Жылда эле ушинтип курмандык чалып, элге колубуздан келишинче жардамыбызды берип жүрөбүз. Эл журтта токчулук болсун».

Кенжебек Шерматов

Бул тууралуу Кенжебек Шерматов мындай деди:

«Ассаламу алейкум жалпы мусулмандар, бүгүнкү Курман айт майрамыныздар менен, айтыңыздар маарек болсун! Мына бүгүн кудайдын улуу күнүндө курмандык кылып, мал союп, парзыбызды аткарып  атабыз. Бул саамалык көп жылдан бери уланып келе жатат. Кудайдын айтылган парзын аткарып атабыз. Жалпы Чолпондо 13 баш  уй жана майда жандыктардан да союлуп, муктаж болгон адамдарга таратабыз. Азыр  ар кайсы  үйдө союлуп жатат. Баардыгын чогултуп келип, пакеттерге салып, анан ушул айыл өкмөттүн ичиндеги баардык айылдагы муктаж адамдарга, жетимдерге, жесирлерге, колунда жокторго таратылат. Кудайдын айтылган «курманчылык чалгыла» деген Ибрагим пайгамбардан келе жаткан диний парз. Ошон үчүн баардыгынарга каалайбыз курманчылык чалып ушундай жетим, колунда жоктордун сообуна калып, курманчылык чалгыла баарыңыздарга ошону каалайбыз. Буга чейин да, жылына эле кайрымдуулук кылынып келет.  Колунда жокторго кичинекей болсо да жардамыбызды беребиз.  Чолпон айыл өкмөтүнө караштуу 7 айыл бар, ошол 7 айылга тең таратылат. Азыр 11 бодо союлуп, бөлүнүп, пакеттерге салынып, бир жерге чогултулат. Андан соң  айыл өкмөт тарабынан берилген тизме  боюнча таратып келебиз».

 

Жаштардын бул ишине карылар ыраазы болушту

Кусейин Марат уулу, Акылай Карыпбекова