“Чолпон” жамааттык мультимедиа борбору

Кочкор району, Чолпон айылы

Жеке ишкер айылды пескоблок менен камсыз кылат

7 Июль 2022 жыл 13:37
Көрүүлөрдүн саны: 205

Кочкор районунун Чолпон айылында пескоблок чыгаруучу ишкана ачылып, азыркы учурда пескоблоктун 2 түрүн чыгарып жатат. Буга чейин айыл эли райондон барып сатып алса, азыр айыл ичинен буйрутма менен ала алышат.

 

Пескоблок чыгаруучу станок

Даяр пескоблоктор

Жеке ишкер Атайбек Сатыбалдиев тарабынан ачылган ишкана күнүнө 1000ден ашык пескоблок өндүрүү мүмкүнчүлүгү бар. Өндүрүлгөн сырье Чолпон айылына жана коңшу айылдарга сатылууда. Келечекте таманташ чыгаралы деген планы бар экендигин жеке ишкер Атайбек Сатыбалдиев айтат:

«Ишкананы иштетүүгө классташ балдардын да салымы чоң. Алар менен биргеликте каражат чогултуп ачканбыз. Биздин негизи максатыбыз айыл элине пескоблок чыгарып, бир аз болсо да жардам кылуу. Алдын ала заказдар коңшу айылдардан көп болот. Буюрса ушул жерди дагы кеңейтүүгө аракет кылабыз».

Атайбек Сатыбалдиев

Ишкана 4 адамды жумуш менен камсыз кылат. Ишканада Таалайбек Айткулу уулу 2 айдан бери иштейт.

«Буга чейин сыртка чыгып ар кайсы жумуштарда иштедим , бирок өз айылыңда , ата-энеңдин жанында иштеген жакшы экен. Айлык акысын жакшы төлөп берет. Бул ишкананын ачылганы айыл тургундарына да аябай жакшы болду. Анткени пескоблоктун сапаты да жакшы, баасы да элдерди канааттандырат»,-дейт Таалайбек Айткулу уулу.

Жумушчу Таалайбек Айткулу уулу

Атайбек Сатыбалдиев көп кырдуу, ар ишке шыктуу инсан. Ал пескоблок чыгаруу менен гана эмгектенбестен куруу иштери, унааларды оңдоо, үй эмеректерин жасоо жана жеке кафесин иштетүү менен алектенип келет.

Машинаны оңдоп жаткан учуру

Өз колунан жасалган эмеректер

Акылай Карыпбекова, Акылай Болотбекова