Окуучулар бөтөлкөлөрдү пайдалангандан кийин таштандыга ыргытпай, өрттөбөй аларды кабыл алуу жайларына өткөрүү керектигин түшүнүштү. Жана келечекте жаратылышты сактоодо алардын салымы зор болот деген ишеничтебиз.

Окуучулар пластик бөтөлкөлөрдү терип чогултушту

Пластик бөтөлкөлөрдү пресстеп жатат

Касиет Адышова окуучулары менен
Корчубек Акназаров орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Касиет Адышова:
«USAIDдин «Окуу керемет!» долбоорунун колдоосу менен өткөрүлгөн «Окуйбуз, жасайбыз, изилдейбиз! сынагына катышып, райондук турунун жеңүүчүсү болдук. Классым 2-класс. Бул сынакта, азыркы дүйнө жүзүндө эң негизги проблема болуп жаткан бир жолку колдонулуучу пластикалык буюмдардын зыяндуулугун изилдеп, “Полиэтиленге каршы күрөшөбүз” темасын тандап алып иштедик.

Ал теманын үстүндө газета журналдардан, интернеттерден, китептерден маалыматтарды топтодук. Пластикалык буюмдар төрт жүз жылга чейин жерде чирибей жата берерин билдик жана атайын таштандылар төгүлүүчү жайларга барып жайнап жаткан пластик буюмдарды көзүбүз менен көрүп күбө болдук.

Таштандыда жаткан пласстик буюмдарды көрдүк
Полиэтиленовый баштыктарды көп урунабыз. Таштандыларды өрттөөдө абаны булгайт. Алардын бизге келтирген зыяндуулуктары жөнүндө окуучулар менен талкуулап, кандай кылсак биз абаны тазартабыз, кандай кылганда эл таза жашоодо жашайт деп изилдөө иштерин жүргүздүк.
Айыл аралап пластикалык буюмдардын элге тийгизген пайдасын да зыянын да окуучулар изилдеп чыгышты. Пайдалуу жагы бала бакчаларда пластик бөтөлкөлөрдөн ар кандай кооздуктарды бактарды, гүлдөрдү жасашкан. Үйлөрдөн гүлдөрдү, рассадаларды өстүрүүчү идиш катары колдонгонун көрдүк.
Бул изилдөөдө пластикалык буюмдар элдин ден соолугуна кандай зыянын тийгизет деп изилдеп жатып “Менин уй бүлөм”, “Менин айылым”, “ Менин мектебим”, “Менин мамлекетим” деп макеттерди жасадык. Үй бүлө таштанды ыргытып отуруп айыл ичи булганат, акырындап мамлекет таштандыга толуп, адамдын ден соолугуна терс таасирин көрсөтөт.

Сынак учуру
Мурунку бир миң тогуз жүз токсонунчу жылга чейинки жана токсонунчу жылдардан кийинки мезгилдеги экологияны салыштырып, эмне үчүн мурда таштанды аз болгондугун билишти.
Себеби мурда пластикалык бөтөлкөнүн ордуна айнек идиштерге суусундуктун баардык түрү куюлчу жана кайра өткөрчүбүз. Жылтырак пакеттин ордуна кагаз пакеттер пайдаланылган жана алар отко жагылып кетчү.
Ушул темаларга карата китеп жасап, ичине өзүбүздүн изилдөөлөрүбүздү жаздык. Окуучулар пластикалык буюмдардын кандай пайдасы жана кандай зыяны бар экендигин жакшы түшүнүштү».

Сынактын райондук турунан 1-орунду камсыз кылышты
Гулира Сатарова, Кусейин Марат уулу