“Чолпон” жамааттык мультимедиа борбору

Кочкор району, Чолпон айылы

1-июнь балдарды коргоо күнү

2 Июнь 2022 жыл 23:45
Көрүүлөрдүн саны: 133

Чолпон айылында балдарды коргоо күнүнө карата «Чолпон маданият үйүндө» иш чара уюшулуп өттү.

Таалайкүл Садыбакасова

Чолпон айылынын «Бүчүр таалай» бала бакчасынын жетекчиси Таалайкүл Садыбакасова: «Мен ушул «Бучур-таалай» бала бакчасынын жетекчисимин. Атым Садыбакасова Таалайкүл. Биз бүгүн 1-июнь балдарды коргоо күнүн белгилеп жатабыз. Балдарыбыздын маанайлары абдан жакшы, жана мурда болуп көрбөгөндөй сонун иш-чара болуп өттү. Ошондой эле балдарга айыл өкмөтү тарабынан атайын белектер берилди. Мектепке кете турган дагы 20 бала бар, аларды мактоо баракчалары менен сыйлап ушундай жакшы иш- чараны өткөрдүк. Мен ойлойм балдар үчүн бул майрам абдан жакты болушу керек деп. Анткени, мурда мындай майрамдар болуп көргөн эмес, бул убакта биз эс алуу күндөрдө болгонбуз. Ушуну менен майрамдык иш-чараны өткөрүүгө жардам берген өкмөтүнө ыраазычылык айтып, балдардын 1-июнь эл- аралык майрамы менен чын-жүрөктөн куттуктайм».

«Бүчүр-таалай» бала бакчасынын тарбиясычы Чолпон Кыдыралиева

Бала бакча тарбиячысы Чолпон Кыдыралиева: «Мен Кыдыралиева Чолпон. Көп жылдан бери Чолпон айыл өкмөтүнө караштуу «Бүчүр Таалай» бала бакчасында жогорку тайпанын тарбиячысы болуп эмгектенем. Бала бакчада 2 тайпа бар. Бирөө ортоңку, бирөө жогорку. Азыркы учурда эки тайпада 30 тан бала тарбия алып жатат. Тарбия алып жаткан балдар менен окуу жылы башталгандан баштап окуу жылы аяктаганга чейин эмгектенгенбиз. Балдар коомдук жайларда өзүн кандай алып жүрүшү керек экендиигин үйрөнүп, кызыгуулары, чыгармачылыгы өнүгүп, бири бирин жакшы көрүүгө, сыйлоого, урматтоого тарбияланышат. Балдарыбызды чакан майрамыбызга аз убак эле даярдадык. Буларды бала бакчага киргенден баштап эле ыр-бийлерин үйрөтүп, шыктандырып келе жатканбыз. Шамдагай балдарыбыз бат эле үйрөнүп, эс тутумуна сактап алышат. Майрам өкмөт тарабынан уюшулуп, эң жогорку деңгээлде өттү. Майрамыбыздын аягында өкмөт тарабынан «мыкты тарбиячы» деген төш белги менен сыйландым».

Аида Бекболот кызы

Айыл тургуну Аида Бекболот кызы: «Мен Бекболот кызы Аида. Азыркы учурда кичинекей тайпада кызым тарбия алып жаткан учуру. Бүгүн кызымды колдоп, майрамга даярдыгын көрүп келип жатам. 1-июнь балдарды коргоо күнү менен куттуктайм. Балдарыбызга ден-соолук каалайм. Бүгүнкү иш чара дагы жогорку деңгээлде өттү. Чолпон маданият үйүндө өтүп, бул жактагы уюштуруу дагы абдан жакшы болду. Балдарыбыз ырдап бийлеп азыр көңүлдүү үйлөрүнө кайтып бара жатышат. Айыл өкмөтүнө, бала бакча жетекчилерине жана уюштуруучуларына терең ыраазычылык билдиребиз».

Майрамдан бир көрүнүш

Атым Рахманкулова Нургүл. Маданият үйүнүн жетекчиси болуп иштейм. Биздин Чолпон айылыбызда 2 бала бакча бар. Алар «Бүчүр- Таалай» бала бакчасы жана «Нур-Чолпон» бала бакчасы. «Нур-Чолпон» бала бакчасында менин 2 балам тарбияланат. 1- июнь «Эл аралык балдарды коргоо күнүнө» карата майрам буга чейин 3 жыл мурун маданият үйүндө майрамдалган. Андан соң бала бакчалардын ичинде гана коюлуп келди. Ал эми бүгүн маданият үйүндө 2 бала бакча тең мыкты деңгээлде концерт уюштурушту. Балдардын сүйүнүчтөрү чексиз жана маанайлары эң жакшы».

Назгүл Асаножо кызы

«Мен «Нур-Чолпон» бала бакчасынын директору Асанкожо кызы Назгүл. Бүгүн «Балдарды коргоо» күнүнө карата чакан концертибизди өткөрдүк. Ошону менен эле бирге мектеп жашына жеткен балдарды узатуу кечесин да койдук. Бул майрам жыл сайын белгиленип келет жана бүгүн дагы майрамдалуула. Бизде музыка сабагы кирген кезде балдар ыр, бийлерди үйрөнүшөт. Ошол эле учурда бүгүнкү концертке да даярданышты».

Кусейин Марат уулу, Акылай Болотбекова, Аяна Аскарова, Канат Шаршенбеков