Кочкор районунун Чолпон айылынын Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинде семинар болуп өттү. Семинарга Нарын облусунан «Окуу Керемет» долбоорунун координатору келип катышты.

Токтокүл Осмокеева Алымкуловна
Токтокүл Осмокеева Алымкуловна «Окуу керемет» долборунун Нарын облусундагы координатору: «Корчубек Акназаров орто мектебине келгенибиздин максаты USAID «Окуу Керемет» долбоорунун алкагында башталгыч класстын мугалимдери менен биргеликте иш тажрыйбасын көрүп тажрыйба алмашууда. Бул жакта мугалимдер математика жана окуу боюнча сабактарды өтүп беришти. Биздин негизги максат стратегияларды колдонуп, мугалим канчалык деңгээлде түшүнүп сабакты өтүп жатканын билуу болгон. Класстан тышкары иштерин көрдүк, изилдөө долбоорун көрсөтүштү. Негизи, өтүлө турчу сабак даярдалбаган болушу керек. Күнүмдүк сабакта биздин сунуштаган стратегияларды күнүгө сабакта колдонуп өтүшү зарыл. Мындай семинарлар бат-бат болуп турушу шарт. Семинарга келген мугалимдер өздөрүнө көп жаңы нерселерди үйрөнүп алышат, жакшы көз карашта болушат. Корчубек Акназаров мектебин мурдатан жакшы тааныйм, мектеп активдүү ошондой эле көптөгөн долбоорлор менен иштешкен. Мектепке кааларым ийгилик, көптөгөн жумуштар аткарылып атыптыр дагы өнүгө бергиле».

Касиет Адышова жана окуучулары
«Мен 2-б классынын класс жетекчиси Касиет Адышова. Биз «Окуу керемет» долбоору боюнча «Окуйбуз, жасайбыз, изилдейбиз» аттуу долбоордун негизинде «Мен жана менин дүнүйөм» темасында полиэтиленге каршы күрөшүү боюнча изилдөө жүргүздүк. Бул изилдөөгө 2-б классынан Абазова Сезим, Эмилбекова Асема, Эсенбекова Жаңылай жана Кенжебеков Арстан катышты. Ушул 4 окуучу менен таштандынын полиэтиленге, адамга тийгизген таасири жөнүндө изилдөө болду. Бул изилдөөдө окуучулар пластикалык нерселерди жашоосунда туура колдонууну, кайра иштетүүнүн пайдалуулугун, экологияга аяр мамиле кылууга жана баардык иштерди келечекте туура колдонууга багыт ала алышты. Ошондой эле изилдөөнүн жыйынтыгында айлана-чөйрөнү таза кармоо максатында жалпы Чолпон айылынын тургундары болуп мектепке пластикалык нерселерди пресстөөчү жай ачтык. Бул жайга элдер айылдын, экологиянын тазалыгын сактоо үчүн пластикалык таштандыларды пресстөөчү жайга өткөрүп беришет жана ал өткөрүлгөн полиэтилен нерселер кайра иштетилет».

Сейил Садыкова Болотбековна
Сейил Садыкова Болотбековнанын семинар тууралуу ой-пикири төмөндөгүдөй:
«Бүгүн семинар боюнча айта кетсем Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинде болдук. Булар абдан жакшы иш алып барып жатыптыр. Экологиялык маселеси ар жерде жүрүп жатат. Бул маселе ар бирибиздин жүрөгүбүздө турат. Окуучулар учурда болуп жаткан глобалдуу маселени айтып беришти. Мындай теманы көтөрүп чыгышкандан кийин, окуучулар таштандыга кандай мамиле кылууну түшүндү деп эсептейм. Мисалы пластик буюмдардын, баштыктардын ордуна кагаз баштыктарды айнек бөтөлкөлөрдү колдонууну билишти. Семинар тууралуу айта кетсем, жогорку деңгээлде өттү десем жаңылышпайм. Өзгөчө башталгыч класстын окуучуларынын чыгармачылыгы, изилдөө долбоору жана ошондой эле өтүлгөн сабактар максаттарына жетти деген ойдомун. Корчубек Акназаров атындагы орто мектебине терең ыраазычылык билдирем. Мындан кийин да иштерине албан албан ийгиликтерди каалайм».

Света Усупканова
Света Усупканова башталгыч классынын мугалими: «Корчубек Акназаров орто мектебинде ЮСАИД «Окуу Керемет» долбоорунун алкагында райондук деңгээлде семинар болуп өттү. Семинарга областтан келген куратор Токтогүл Осмокеева жана Кочкор районунун тренерлери Латипа Жумабаева, Астра Асаналиевалар катышты. Мектептеги «Окуу керемет» долбоорунда түзүлгөн баардык иш чара пландарыбыз менен таанышып, семинардын жыйынтыгы боюнча жакшы ой-пикирлерин айтышты. Бизде «Окуйбуз, Жасайбыз, Изилдейбиз» долбоорунда эки иш чара жүргүзүлдү. Биринчиси-Кыргыз элинин саламдашуу маданияты, экинчиси-пластик таштандыларды изилдөө иштери болду. Китепканадагы электрондук китепчелер жана долбоор тарабынан берилген окуу китептери тууралуу китепканачы Шаршеева Гүлжандын иштери жөнүндө маалымат алышты. Андан соң бизде математика, адабий окуу сабактары өтүлдү. Сабакка мугалимдер, сессия жетекчилери катышып өз сунуштарын айтышты. Жалпы жонунан биз өз максатыбызга жеттик. Семинардын деңгээли жогору деп бааланды. Мындан ары да ишибизди көрсөтмө куралдарды, стратегияларды колдонуу менен өттүгө милдеттенме алдык».

Нур Акунова
Бул семинарда Нур Акунова өзүнүн жүргүзгөн изилдөөсү тууралуу айтып берди:
«Окуйбуз, жасайбыз, изилдейбиз» аттуу долбоордун негизинде «Кыргыз элинин саламдашуу маданияты» темасын алганбыз. Бул теманы алганыбыздын себеби азыркы учурда кыргыздардын байыртадан бери келе жаткан «арыбаңыздар, бар болуңуз, ассоллому алейкум» сыяктуу сөздөрдү унутка калтырып баратабыз. «Ассоллому алейкум» деп айтылат. Бирок аялдар бул сөздү айтышпайт. Негизинен аялдар да айтышы керек экен. Тема боюнча изилдөөдө 4 баладан турган топ түзүп, мектептен көчөдөн айыл тургундарына унутулуп бараткан сөздөр менен саламдашып көрөлү деп «арыбаңыз» десек эле жооп бере албай калышты. Бул сөзгө жооп катары «бар болуңуз» деп айтуу керек болчу. Бирок алар билбегендиктен күлүп гана коюшту. Биз кайра аларга буларды түшүндүрүп айтып бердик. Ишибизди далилдөө үчүн айылдык китепканага, мектептин китепканасына барып улуу акын, жазуучулардын чыгармаларын окуучулар менен биргеликте окуп чыкканбыз. Анан кайрадан сурамжылоо жүргузгөндө, биздин иштерибиз алдыга жылганын байкадык. Ошону менен биз изилдөөбүздү ийгиликтүү аяктап максатыбызга жеттик».

Ар улуттун ар кандай саламдашуу салтын айтышты

Семинарга Кочкор районунун мугалимдери келип катышышты.
Гулира Сатарова, Кусейин Марат уулу, Акылай Болотбекова, Асема Сүйүндүкова, Айчүрөк Сапаркулова