“Чолпон” жамааттык мультимедиа борбору

Кочкор району, Чолпон айылы

Чолпон айылынын кире беришинде чакан иш каналар ачылууда.

13 Апрель 2022 жыл 15:33
Көрүүлөрдүн саны: 98

Кочкор районунун Чолпон айылынын кире беришинде көптөгөн иш каналар ачылды. Ошондой эле көмүр ташыган камаздар жана жаңы жол салуу иштерине жеке ишкерлердин ойлорун угуп көрдүк.

Жеке ишкер Дүйшөбүбү Осмонова

Ошол эле жердеги союз убагынан берки жеке ишкер Дүйшөмбүбү Осмонованын ой пикири:
«Учурдагы кафе 60-жылдары эле салыныптыр. 80-жылы капиталдык ремонт болгон кайра дагы 2010 – жылы болгон. Бул кафени мурун эле ачышып коюптур. Илгерки союз убагында эле кризис башталган убакта сатып алгыла, акча керек дешип кыйнап туруп аласынар дешкенинен мен сатып алдым. 80-жылдан бери иштейм 1992-жылдан кийин менчик болуп калган. Бул жолдор салунуусу бизге кыйынчылык деле жараткан жок, тескеринче жакшы 4 унаа баткыдай жол салып жатканы бул аябай жакшы иш. Бирок батыраак бүтсө жакшы болмок эле. Жол буткөндө көп унаалар каттап ишибизге пайдасы тиет деп ойлойм».

Аида Сагынбекова

Аида Сагынбекова Чолпон киреберишиндеги кичи ишкананын кожейкеси. Көмүр ташыган камаздардын зыяндыгы жок экендигин айтты:
“Бул кичи ишкананы ачууга өкүл кызым чогу иштетели деп сунуштап, кафени ачтык. Ачуу үчүн бир жарым миллион кетти. Көмүр болгон жерден эч кандай кыйынчылыктар жаралбайт, тескеринче бул бизге киреше алып келет. Камазиздер токтосо биздин соода да аксап калат. Видео камераларды орнотуп койгонбуз себеби кечинде дөңгөлөктөрдү чечип коюп жоготсо же башка учурлар болсо камерага түшүп калса, күбөө болуп берет. Азыркы заманда адамга да ишениш кыйын. Ишканага жыл сайын аренда төлөп турабыз. Алдыда бул кичи ишкананы чоңойтобуз деген максаттарыбыз бар».

Ишкер Аиданын жеке ишканасы

Ишканалардын жарымында видео камералар орнотулган

Чолпон кире беришинин бир бөлүгү

Айчүрөк Сапаркулова, Кусейин Марат уулу, Сильвара Төлөбекова