Республика боюнча уюштурулган «Жоокер ыры» аскердик-атуулдук ырлары атту конкурска Корчубек Акназаров орто мектебинин 9-класстын окуучусу Жумабекова Бермет катышып келди.
2022- жылдын 21- март күнү Бишкек шаарында өткөн Жалпы билим берүү уюмдарынын жана Кыргыз улуттук аскер лицейинин курсанттарынын арасында өтүлүүчү «Жоокер ыры» аскердик — атуулдук ырларды мыкты аткаруу боюнча 7-республикалык конкурста Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинин 9- классынын окуучусу Жумабекова Бермет 3- орунду камсыз кылды. Кыргыз республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан 3- даражадагы диплом, акыркы үлгүдөгү смартфон менен сыйланды. Кыргыз республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн генералдык штабынын 3- даражадагы диплом менен сыйланды.

Республикадан алган сыйлыгы
Бермет Жумабекова өзү мындай деди:
» Жоокер ыры » аттуу конкурста зоналык, райондук, облусттук жана республикалык тур бар болчу. «Согуш учурундагы ырлар» наминациясы менен зоналык турдан 1- орунду, райондук турдан да 1-орунду багындырып, облустан 2-орунду алдым. 2-орунга тилекке каршы республикага жолдомо жок болчу. Бирок мага губернатордун жардамчысы чалып, республикага барып катышып бер деп суранышкан. Анткени республикага катыша турган бала ооруп калган экен. Ошону менен республикага барып 3-орунду багындырдым да, акыркы үлгүдөгү смартфон, дипломго ээ болдум. Конкурс абдан жакшы өттү. Баардык катышуучулар күчтүү болушту. Убакыт тар болгондуктан республикага 1 эле күн даярданганга жетиштим.

Акимден келген мактоо баракчаларын мектептин линейкасында тапшырылды
Даярдагандар: Дайырбек Айдарбеков, Кусейин Марат уулу, Аяна Аскарова.