“Чолпон” жамааттык мультимедиа борбору

Кочкор району, Чолпон айылы

«Элдик революция» күнүнө карата мектептер аралык турнир өттү

11 Апрель 2022 жыл 11:56
Көрүүлөрдүн саны: 92

Нарын облусунун Кочкор районунун Молдо Кылыч айылындагы Малтабаров орто мектебинде волейбол оюну уюштурулду.

2021-2022- окуу жылынын 1-апрелинде Кочкор районундагы У. Малтабаров атындагы орто мектебинин 2019-жылкы бүтүрүүчүлөрү тарабынан 7-апрель  «Элдик революция» күнүнө карата уюштурган волейбол оюну боюнча Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинин «Чолпон» кыздар командасы 1-орунду ээлеп, 1-даражадагы Диплом менен сыйланышты. Бул оюнга бардыгы 10 команда катышкан.

Окуучуларга мектеп ичинде сыйлык тапшыруу аземи

Кыздарды даярдаган агайы Сабитов Бакыт

Окуучулардын волейбол ойноп жаткан учуру

Дайырбек Айдарбеков, Аяна Аскарова, Нагима Мирланова