“Чолпон” жамааттык мультимедиа борбору

Кочкор району, Чолпон айылы

«Патриоттук ырлар» конкурсундагы ийгиликтер

23 Март 2022 жыл 15:48
Көрүүлөрдүн саны: 114

Кочкор районунун Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучусу Бермет Жумабекова «Жоокер ыры» конкурсунда «Согуш учурундагы ырлар» номинациясы боюнча 1-орунду багындырып, облустук турга жолдомо алды. Ал эми «Патриоттук ырлар» номинациясында Света Зарылбекова 2-орунду багындырып атайын диплом менен сыйланды.

Окуучуларды даярдаган мугалим Мээрим Касымова буга токтолду:
«2018-2019- окуу жылында «Мен Кыргызстандык экениме сыймыктанам» аттуу конкурсунун райондук турунун жеңүүчүсү болуп, Жумабекова Бермет облусттук турга жолдомо алып, облустта 3- орунду алып келген. Ал эми Зарылбекова Света 4-орунду камсыздаган.
Азыркы болуп өткөн конкурста болсо жобону 4 күн мурун алганбыз. Кыска убакыттын ичинде даярдандык. Негизи кыздар даяр эле болчу. Ушуну менен көптөгөн ийгиликтерди жаратып жатышат. Мен ар бир окуучуга ар башка мамиле жасайм. Мындан аары буйруса дагы ийгиликтерди багындырабыз. Эң негизгиси окуучуларымдын ден- соолуктары бекем болсун»,- дейт Мээрим Касымова.

Бермет Жумабекова 1-орунга ээ болушу

Света Зарылбекова 2-орунду камсыз кылышы

 

Кусейин Марат уулу, Аяна Аскарова