Кочкор районундагы Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинде биология сабагына тиешелүү ар кандай темага конкурс кылынып, көрсөтмө куралдар жасалып, биология залына коюлган. Мектептин биология мугалиминин демилгеси менен 6-7-класстар аралыгында “Жаратылыш жан досум” аттуу чакан көргөзмө өттү.

Көргөзмөдө турган көрсөтмө куралдар

Залдын ичи балдардын колдору менен чыгарылган жаратылыш жөнүндөгү дубал газеталар менен кооздолгон. Окуучулар өз колдору менен ар кандай түрдөгү жалбырактар, гүлдөр, жемиштер аркылуу көргөзмө куралдарды жасашкан. Бул иш чара 4 жылдан бери уюшулуп келе жатат. 17-март күнү жеңүүчүлөрдү аныктап чакан акчалай белектери менен грамоталарды класстарга тапшырды.
Айчүрөк Сапаркулова, Нагима Мирланова