Кочкор районундагы Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинде 3-март Ак Калпак жана Мамлекеттик Туу күнү биргеликте белгиленди.

Мектепте 5-11-класстар Ак Калпак жана Мамлекеттик Туу күнүнө карата жөө жүрүш болуп өттү. Жөө жүрүштүн башында мектептин тарбия зовучу окуучуларга доклад окуп берип, мугалимдер куттукташты. Жөө жүрүш саат 11:00дө башталып 12:00дө бүттү.

Окуучулардын доклад угуп жаткан убагы
Мамлекеттик Туу тууралуу маалымат
1992-жылы 3-март– Кыргыз мамлекетинин кырмызы кызыл Туусунун күнү. Бул 1991-жылы 31-августта Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгон тарыхый учурда болгон. Эгемен мамлекеттин өз алдынчалыгын далилдеген негизги белгилер: мамлекеттик Туу, Герб жана Гимн. Авторлук жамаат:Э. Айдарбеков, Б. Жайчыбеков, С. Иптаров, Ж. Матаев, М. Сыдыков. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу ортосуна кырк нуру тегиз чачыраган алтын түстөгү күн алкагынын, күн алкагынын ичине кыргыз боз үйүнүн кызыл түстөгү түндүгүнүн сүрөтү түшүрүлгөн тик бурчтуу кызыл кездемеден жасалган. Туунун эни анын узундугунун бештен үчүн түзөт. Нурлуу алкактын диаметри туунун энинин бештен үчүн түзөт. Күндүн жана нурлуу алкак диаметрлеринин катышы — бештен үчкө барабар. Түндүктүн диаметри нурлуу алкактын диаметринин жарымына барабар. 5-март -Ак калпак күнү деп 2011-жылы жарыяланган. Анын негиздөөчүсү Рысбек Жабиров. Бул күн 2016-жылдан тарта Кыргызстандын аймактарында жана чет өлкөдө мекендештерибиз тарабынан расмий түрдө белгиленип келет. Анда ак калпакчан жигиттер жөө жүрүшкө чыгып, ар кандай иш-чараларга катышат.

Жөө жүрүштүн башталышы
Кусейин Марат уулу, Айчүрөк Сапаркулова