Кочкор районуна караштуу Чолпон айылындагы Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинде «Мисс жана Мистер» конкурсу болду. Бул конкурста бала жана кыз топ түзүп катышты. Конкурста логикалык суроолор, билим деңгээли, кол өнөрчүлүккө болгон шыгы каралды. Андан тышкары топтор бийге болгон шыгын да даңазалашты. Жыйынтыктоочу бөлүмүндө “Мектеп менин жашоом” деген темада видео тартышкан.

Конкурстун жыйынтыгында эн мыкты, активдүү катышкандыгы үчүн 9-а класс гран-прини женип алды.
1-орунду 8-б класстын окуучулары, 2-орунду 9-б классынын окуучуларына ыйгарылды, ал эми 3-орунду 8-в класстар ээледи. Жеңүүчүлөргө грамота жана чакан белектер берилди.

Таланттуу окуучулар

Калыстар көрсөтмө куралдарына баа беришүүдө
Кусейин Марат уулу