Ромашка гүлүнү даярдалуу жолу жана дары – дармектеринин пайдаланышы тууралуу маалыматтар.
Биология сабагынын мугалими Жунушова Айна бул маалыматтар менен бөлүштү:
Дарылыкка, негизинен, ромашканын гүлү колдонулат. Гүлү бугу-баш оона айлар аралыгында чогултулат. Жамгырдан кийин жана шүүдүрүмдө чогултулса, анда начар кургап, өңу карарып калат. Андыктан жаан жаабаган учурда чогултуу керек. Адатта көлөкө жерде 5-7 күндө кургайт. Үйдүн чатырында кургатса да болот. Жол жээгине жакын өскөндөрүн чогутпоо керек. Анткени алар машинадан бөлүнүп чыккан уулуу заттарды өзүнө сиңирип алат. Гүлүнүн курамында эфир майы, никотин, салицил жана аскорбин кислоталары, каротин, кант, белок жана башкалар бар. Ромашка (лат. Matricaria) — татаал гүлдүүлөр тукумундагы бир жылдык өсүмдүк уруусу. Анча бийик эмес, жыттуу. Сабагы бутактуу, гүлү майда, чети ак, ортосу сары. Болгария, Румыния, Польша жана башка өлкөлөрдө эгилет. Курамында эфир майы, белок, азулен, глюкозид, С витамини, каротин жана башка түрлөрү бар. Жумшак топуракта жакшы өсөт. Кыргызстандын бардык жерлеринде тараган.

1977-жылы кургатылган ромашка азыркы күнгө чейин сакталууда
Даярдаган:Нагима Мирланова.