Корчубек Акназаров орто мектебинин, спорт зал оюн аянтчасына жаңы терезе салынды. Мектептин терезеси эски болгондуктан 200мин дей каражат жумшалды.
Спорт залдын терезеси чон болгондуктан көп каражаттагы сумма жумшалды. Анын 180 миңи даана терезеге кетти, калган 20мини майда керектөөлөрунө короду. Бул мектептин терезесин салууда жаштардын салымы өтө чоң. Анткени бүтүрүүчү жаштар 10жылдык 20 жылдыкка келген сайын өзүнүн айылына чон пайдасын тийгизет.
Кум-Дөбө айылынан жогорку кеңешке депутаттыкка коюлган Ормон деген жигит, ошол тарабынан терезе каржыланылып салынган. Буга эжей-агайлар абдан ыраазычылыгын билдирди, анткени мурунку терезеден шамал,кум кирип турчу дене тарбия сабагын өтүүгө ыңгайсыз болчу.

Азыркы бүтүрүүчү жаштарга айтарым, ушул эле айылда чоңоюп, ушул эле мектепти бүтүргөндөн кийин айылга мектепке жетишпеген нерселерди жасап берүү.Дагы айта кетчү нерсе Кочкор жаштар уюму деп былтырдан баштап түзүлгөн. Бул уюм ар бир айылда бар болчу, бирок Кочкор баары биригип район боюнча ишти баштаганбыз.

Жаңы терезенин көрүнүшү
Даярдагандар: Сильвара Төлөбекова, Айзана Шарыпбекова.