Корчубек Акназаров атындагы орто мектебининде 17-февраль күнү саат 12:00до 10-класстар тарабынан уюштурулган «English week» аттуу кыскача концерт өттү.

Концерттин башталышы
«English week»- деп өткөндүн себеби: окуучулардын англис тилине болгон кызыгууларын күчөтүп, өздөрүнө болгон ишенимдерин жогорулатууда. Бул чакан концерттин ичинде ыр, бий, ар кандай кызыктуу оюндар, англис тили боюнча видеоролик ошондой эле англисче мааниси зор цитаталар жана башка көптөгөн кызыктуу нерселер болду. Англис тили дүйнө жүзүндө, көп жерде жана эл-аралык уюмдарда экинчи тил же расмий тил болуп саналат. Чынында эле дүйнө жүзүндөгү эң ири тил-бул англис тили. Ал эми интернетте, туризмде, транспорт, аба жолдору, билим берүүдө англис тили колдонулаарын айтып беришти. Окуучулар кызыгуу менен угушуп, оюндарга активдүү катышып жатышты.

Жетишкендиктери тууралуу видео ролик жазашкан
Даярдагандар:Сильвара Төлөбекова, Айчүрөк Сапаркулова.