“Чолпон” жамааттык мультимедиа борбору

Кочкор району, Чолпон айылы

Окуучулар жаңы билим уясында билим алышууда

6 Январь 2022 жыл 22:20
Көрүүлөрдүн саны: 167

Нарын облусунун Кочкор районундагы Туз айылында жаңы мектеп салынды. Мектеп салынгыча кандай шартта окукандыгы жөнүндө, мектеп мугалимдери жана окуучулары менен баарлаштык.


“Саламатсыздарбы, мен Жунушалы кызы Сайнап атындагы орто мектебинин директору Өмүрбеков Жаныш Өмүрбекович. 2019-жылдын март айында мектептин курулуш иштери башталып, планга киргизилген. 2021- жылдын 15- сентябрында ишке берилген. Бул мектеп мамлекет тарабынан камсыздалып, 58 000 000 суммадагы акча каржыланды. Буга чейинки мезгилде окуучуларыбыз мектептин жоктугуна байланыштуу ар кайсы үйлөрдө, эски ФАПтарда билим алып келишкен. Ошентсе да окуу процесси токтогон эмес. Шарты жок мектебибиз болгондуктан окуучуларыбыз үчүн оор кыйынчылыктарды жаратып, ынгайсыз калтырган.

Мектеп жараксыз болгондуктан өкмөткө кайрылуу жасап, айыл тургундары көтөрүлүш кылып, жалпы мугалимдер, окуучулар арыз жазып кайрылышкан. Окуучулар видеокайрылуу кылышып, өкмөткө чейин жеткен. Ошентип, өкмөт келип, мектеп салууну пландоого киришкен. Чукулда эле, 2 жыл аралыгында мектеп толук кандуу салынып бүткөн. Мектептин азыркы учурда баардык шарттары бар. Билим уясында 316 га жакын окуучу билим алып, 34 мугалим эмгектенет. Мугалимдер жана окуучулар үчүн талапка ылайык заманбап мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Эми буюрса мектебибизден эң мыкты окуучулар чыгат деген үмүттөмүн.”


“Мен Абылбек уулу Чыңгыз. Жунушаалы кызы Сайнап атындагы орто мектебинин англис тили мугалими болуп 5 жылдан бери эмгектенип келем. Кудай буюруп ушул жаңы жылды жаңы мектебибизде тосуп жатабыз, буга бардыгыбыз абдан кубануудабыз. Буга чейин өзүңүздөр билгендей эски мектепте билим алуу төмөнүрөөк болгон, анткени шарт жок.
Ошонун себебинен окуучулар үйлөрдө, эски корпустарда окуганга аргасыз болушту. Ал учурда бардыгыбызга кыйын болду. Анткени дем алуу учурларында убактыбыз абдан тар болгон, сабактар бир аз кедергисин тийгизген. Азыр болсо айырма өтө чоң. Себеби жакшы компания туш келип калып азыркы учурда заңгыраган мектепке ээ болуудабыз.

Билим деңгээли боюнча айта кетсек, мамлекеттик талаптар аркылуу иш алып барып жатабыз. Буюрса натыйжаларын көргөзөбүз деген ойдобуз.”

“Мен Мыктыбек уулу Байэл, Жунушаалы кызы Сайнап атындагы орто мектептин 10-классынын окуучусумун жана мектептин президентимин. Биз быйыл жаңы мектептүү болдук, ушул убакка чейин биз шарты жок мектептерде, ар кандай ФАПтарда, эски актовый залдарда, начар жерлерде билим алып келгенбиз. Быйыл заманбап, бардык шарты түзүлгөн мектеп салынып, учурда жаны мектепте билим алып жатабыз. Эски мектебибиз менен азыркы мектептин айырмасы, мурда биз ар кайсы жерлерде окучубуз, класстар ар башка жерде, аралыгы 100 метрдей, ар кайсы кабинеттерде, ичи да муздак болгондуктан, оор кыйынчылыктарды окуучулар баштарынан өткөрүштү. Азыркы окуп жаткан мектебибиз жылуу, окуучулар сүйүнүп окуп жатышат.”

Заманбап мектептин бир бурчу

Окуучулар жаңы мектептин салынышына кубанышууда

Жунушаалы кызы Сайнап атындагы орто мектеби

 

Малика Жумабекова, Кусейин Марат уулу, Аяна Аскарова