Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинин 9-класстын окуучулары жыл сайын 1-декабрда СПИДге каршы конкурсу болуп турат. Конкурста СПИД тууралу маалыматтарды айтып жана ырларды ырдашат.
Былтыр COVlD-19 оорусу болуп мектептер, бала бакчалар жана коомдук жайлар убактылуу жабылгандыгы баарыбызга маалым. Окуучулар каникулга тарап кетишип иш чаралар уюштурулбай калган. Ошол себептен быйыл 9-класстар эмес 10-класстар катышышты. Окуучулар СПИД кандай жолдор менен жугат, кантип коргонуу керек, канткенде жукпары жөнүндө дубал газеталарын жазашып калыстарга жактап айтып беришти. Ошондой эле темага ылайык көрүнүш коюшуп, бий жана ырларды ырдап таймашышты. Калыстар жыйынтык чыгарып, уткан класска грамота тапшырды.

Калыстар жыйынтык чыгарууда

Конкурстан бир үзүндү Дардагандар: Кусейин Марат уулу, Айчүрөк Сапаркулова.