Чолпон айылынын Корчубек Акназаров мектебинде Адабият күнүн белгилешти.
2021-жылдын 12-декабрында Улуттук адабият күнүнө арналган иш-чаралар өткөрүлдү.
Окуучулар Кыргыз адабиятына зор салымдарын кошкон, белгилүү, залкар акын-жазуучуларыбыз дын чыгармаларынан көркөм окушуп, көрүнүштөрдү, «Манас» эпосунан үзүндүлөрдү жогорку деңгээлде аткарышты.
Кыргыз тили жана адабиятынан сабак берген мугалимдер тарабынан класстык сааттар өтүлдү. Ошону менен катар сүрөт көргөзмөсү уюштурулуп, дубал газеталар чыгарылды.
Окуучулар, мугалимдер ар бир иш чарага активдүү катышып, койгон максаттарына жетишти.

Чыңгыз Айтмавовдун чыгармаларына
көрүнүш коюшту


Жаш манасчылар. 6-класстын окуучулары Даярдагандар: Кусейин Марат уулу, Айчүрөк Сапаркулова.