Чолпон айылынын №4150 шайлоо тилкесинде 28-ноябрь күнү саат 8:00дөн 20:00гө чейин Кыргыз Республикасынын жогорку кеңешинин депуттарын шайлоо болуп өттү.
Чолпон айылынын тургуну Чыңгыз Ишенов:
«Бүгүнкү күндөн баштап Кыргызстандын келечегине чоң кадам башталганы жатат. Ошол үчүн добушубузду берүүгө келдик. Мамлекетибизге акыйкат орносо, өнүгөт деген ойдомун. Үмүтүбүз жаштардын келечегине кам көрө турган талапкерлер келет деген үмүттөбүз. Учурда шайлоого киргени жатам, тилегеним мен шайлаган партия өтүп кетишин чын дилимден каалар элем».
Айыл тургуну Рысбүбү Токтокулованын ою мындай:
«Бул шайлоодо адмнистративдик аралашуу болгон жок. Буга чейин шайлоо жөнүндө агитация жетишсиз болгон. Партиялар көп мандаттуу болгондуктан,бизге бир кыйла оордук жаратты. Себеби,партиялардын номерлерин билсек, тийиштүү талапкерлердин номерин билбей калып жатабыз. Буга элдин түшүнүгү төмөн».

№4150 шайлоо тилкесинин комиссиясынын төрагасы Сабит Алыбаев өзүнүн пикирин төмөнкүдөй билдирди:
Бүгүн 28-ноябрь 2021-жыл Кыргыз Республикасынын жогорку кеңешинин депутаттарын шайлоо өтүүдө. Саат 11:00го чукулдап калганда 220дай шайлоочу добуштарын беришти, азыр орточо деңгээлде өтүп жатат. Аппараттар жакшы иштөөдө, баары өз калыбында жүрүүдө.
Башталгыч класстын мугалими Нур Акунова:
«Мен өзүмдүн каалаган адамымды шайлап жатам. Буюрса өзүнүн көрсөткөн программаларынын негизинде колдон келишинче аткарат деп ишенем. Бей-бечараларга,колунда жокторго жардамын тийгизсе мамлекетибиздин келечегине чоң салымын кошоор эле. Мен өз эрким менен шайладым».

Шайлоочулар шайлап жаткан учур
Даярдагандар: Кусейин Марат уулу, Малика Жумабаева, Айчүрөк Сапаркулова, Нагима Мирланова.