27-сентябрда Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими жана “Энелер мектебинин” уюштуруучусу Гапыр Мамадинов Кочкор районуна караштуу Чолпон айылынын маданият үйүндө семинар өттү.

Гапыр Мадаминов 4 китептин автору. Алар:»Акыл эмгегинин маданияты», «Ата-энелер, сиздер үчүн», «Өзүн-өзү тарбиялоо-асыл инсандык сапат», «Устаттык өнөрү».
Жолугушууда өзүнүн жашоосунда болуп өткөн окуяларын жана балага кандай туура тарбия берүүнү айтып берди. Ошондой эле балага кандай билим берүүнү, акыл эсин өстүрүүнү, кантип китеп окутууга мүмкүн болгон жолдорун үйрөттү. Бул жолугушуудан кийин мугалимдер жана ата энелер тарбия тууралуу кенен маалымат ала алышты.
Мугалимдердин айтуусу боюнча буга чейин канчалаган семинарлар тажатма жолугушуулар болгонун, бул семинар жогорку деңгээлде өтүлүп көп нерсени билүүгө жетишкендигин билдиришти.

Жолугушуудан бир көрүнүш

Чолпон айылынын тургуну Динара Кадырова төмөнкүлөргө токтолду:
«Жолугушуда ата-энелер өзүн-өзү кандай тарбиялашты жана балдарына кандай тарбия беришти жакшы түшүндүм. Ушул жолугушууда ата-энелер, мугалимдер Гапыр Мамадиновдон көп нерсени кабыл алышты. Анын тажрыйбасын райондук деңгээлге жайылтат деген ишеничтемин. Семинар мен үчүн жогорку дэңгээлде өттү. Ушундай улуу даражалуу мугалим менен жолугушканыма абдан кубанычтамын».
Сильвара Төлөбекова, Кусейин Марат уулу, Аяна Аскарова