“Чолпон” жамааттык мультимедиа борбору

Кочкор району, Чолпон айылы

Чолпон айылында жумшак балмуздак аппараты иштейт

3 Сентябрь 2021 жыл 11:40
Көрүүлөрдүн саны: 103

Кочкор районунун Чолпон айылына жумшак балмуздак аппараты иштеп баштады. Кичинекей бөбөктөн тартып улуу курактагы адамдарга чейин даам сызып жатышат.

Балмуздак сатылуучу жер

Балмуздакты ачкан жергиликтүү ишкер Зарина Бейшекеева төмөнкүлөрдү билдирди:

“Мен бул бизнести ачыш үчүн дээрлик 200 миңдей акча каражаты жумшалды. Балмуздак жасаганды аппаратты алган эжеден үйрөнгөм. Балмуздактын рецебин ошол эжеден алгам. Аппараттын баасы 1000$ турат. Балмуздакты рецепт менен гана жасайм. Түрлөрү бар. Кулпунай, банан, шоколад, каймак менен жасалат. Бул ишти ачууну ата-энем колдоду.”

Балмуздак жасалуу учурунда

Кичинекей бөбөктөр тынымсыз келишүүдө

Каймактан жасалган балмуздак

 

Айпери Анарбекова, Кусейин Марат уулу