21 жаштагы кыргызстандык спортчу Владислав Шулико 27-август күнү Ысык-Көлдү узунунан сүзүп, рекорд жаратты.
Спортчу марафонду 22-август күнү саат 7:30да Кааракол шаарынан баштаган. 6 күн аралыгында Ысык-Көлдү узунунан сүзүп, 27-август күнү саат 15:25 те Балыкчы шаарында марафонду ийгиликтүү жыйынтыктады.

Владислав Шулико

Спортчуну тосуп алуу үчүн көл жээгине Жогорку Кеңештин депутаттары, жергиликтүү коомчулук өкүлдөрү жана жакындары келишти.
Владислав Шулико 181 чакырым аралыкты өзү сүзүп өттү. Спортчунун камсыздоо үчүн облусттук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын кызматкерлери кайыктар менен коштоп жүрүшкөн.

Спортчуну тосуп алуу учурунда
Эске салсак, Ысык-Көлдүн узундугу 182, туурасы 58 чакырым. Эң терең жери 702 метрди түзөт.
Перизат Таштанова