“Чолпон” жамааттык мультимедиа борбору

Кочкор району, Чолпон айылы

Жайыттарды такырлануудан сактоо маанилүү

22 Август 2021 жыл 2:28
Көрүүлөрдүн саны: 287

12-август күнү Чолпон айыл өкмөтүндө “ИСУР” коомдук фондунун мүчөсү Анара Момунова жергиликтүү кеңешке жана жергиликтүү жарандарга жайыттарды сактап калуунун мааниси тууралуу семинар өттү.

Семинарда биомаданий ар түрдүүлүктү сактоо жана жандандыруу, маданий мурастарды кийинки муунга өткөрүп берүү деген сыяктуу темалар козголду. Ал эми жолугушуунун негизи, алыскы жайыттар анын ичинде Сөң -Көлдөгү жайыттын деградацияга учурашы.

Анара Момунова

«Биздин институт 2012- жылдан бери Кыргызстанда биологиялык жана маданий ар түрдүүлүктү сактоо жана жандандыруу , кийинки муундарга өткөрүп берүү сыяктуу бир канча программаларды ишке ашырып келет. Мына ушундай программалардын негизинде 200дөн ашык жергиликтүү демилгелерге колдоо көрсөтүп келебиз.
Жаратылыш ресурстарын туруктуу колдонуу, Агробио ар түрдүүлүктү сактоо, Тарыхый- маданий мурастарды жаш муундарга өткөрүп берүү багыттарын ишке ашырып жатабыз.

Семинардын жүрүшүндө

2015 — жылдан бери Чолпон айыл аймагынын Жайыт бирикмеси менен иш алып баруудабыз. Мында «Кызарт жайлоосун сактоо боюнча бир нече долбоорду колдондук. Жергиликтүү коомчулуктун күчү менен жайыттарды сактоо деген моделди иштеп чыктык.
Салтуу билим, салттуу маданиятты туура пайдалануу боюнча «Байсалдуу көч» жана көп- көп семинарлар уюштурулуп, мектепте «Мультимедиа борбору» ачылып жакшы иштер жүргүзүлдү.

Мурун жайыт пайдалануучулар 25 жыл Кызарт жайлоосунан көчпөй жайытты такырлантып жиберишкен. Жайыт пайдалануучулар ал жерди сактап калуу үчүн алыскы жайыттарга Сөң- Көл жайытына көчө башташты. Учурда Кызарт жайлоосу кайта өзүнүн калыбына келе баштады.

Ал эми азыркы учурда Сөң-Көлдөгү жайыт деградацияга учурап жатат. Себеби, малдын туягынын көптүгүнөн улам бир эле жайыт эмес, жан-жаныбарлар, куштардын дагы саны азаюуда. Куштар жумуртка чыгарган убакта мал тебелейт, экинчиси чабандардын иттери жумурткаларын жеп коет экен. Мына ушул көйгөйлөрдү көтөрүп, жергиликтүү жамаат, жергиликтүү кеңеш менен Сөң-Көлдү кантип сактап калсак болот? Кандай иш-аракеттерди жасасак болот деген темалардын айланасында бүгүн иш алып бардык.»

 

Жумакан Кожомкулова, Перизат Таштанова