“Чолпон” жамааттык мультимедиа борбору

Кочкор району, Чолпон айылы

Инспектор: Мектепте одоно тартип бузган балдар жок

7 Май 2021 жыл 4:54
Көрүүлөрдүн саны: 144

“Соӊ-Көл” орто мектебинде кылмыштуулуктун алдын алуу жана зордук-зомбулукту болтурбоо боюнча эркек балдар арасында чогулуш өткөрүлдү.

“Соӊ-Көл” орто мектебинде одоно тартип бузуп каттоодо турган балдар жок экендигин билдирди жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспектору, милициянын ага лейтенанты Аязбек Шаршенбеков.
6-май күнү “Соӊ-Көл” орто мектебинде атайын эркек балдар үчүн чогулуш өткөрдүк. Чогулуштун максаты кылмыштуулуктун алдын алуу, зордук-зомбулукту болтурбоо.
Кылмыштуулук боюнча атайын лекция угулуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Милициянын ага лейтенанты Аязбек Шаршенбеков

Ошону менен катар, эркек балдардын мектепке келүүсү, мектепке кийип келүү формалары жөнүндө да сөз болду. Азыркы учурда жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукка жол бербөө боюнча профилактикалык иш чаралар жүргүзүлүп келгендигине карабастан дагы деле терс көрүнүштөр катталып калат. Бирок, мындай терс көрүнүш бул мектепте каттала элек.

Чогулуш учурунда

Андан соӊ зордук-зомбулук деген эмне, анын кандай түрлөрү бар, аны кантип болтурбоо керек?- деген теманын үстүндө талкуу болуп, таасирдүү маалыматтар айтылып, эгер мындай көрүнүш байкалса мугалимдерге, ИДН кызматкерлерине кайрылуу керектиги да баса белгиленди. Кыргызстандын алга карай өсүп өнүгушу үчүн силердин да салымыӊар абдан зор болот. Андыктан силер азыркы мезгилде татыктуу билим-тарбия алууӊар керек. Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу аралыкты сактап, өзүнөрдүн ден соолугуӊар үчүн маска тагынып, антисептик ала жүргүлө деген чакырык менен жыйналыш жыйынтыкталды.

Мектепте китеп күнү белгиленди
Айпери Марлес кызы