“Чолпон” жамааттык мультимедиа борбору

Кочкор району, Чолпон айылы

Жаштар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр пайда болду

27 Март 2021 жыл 20:32
Көрүүлөрдүн саны: 123

2021-жылдын 25-март күнү Кочкор ройонунун Ак-кыя айыл өкмөтүнүн Кара-Суу айылында Германия кызматташтык уюму тарабынан жаштарга арналган тренинг болуп өттү.

Германия кызматташтык уюму (giz) «Жаштар үчүн жаркын келечек» долбоорунун алкагында көптөгөн жаштарга керек болгон мүмкүнчүлүктөрдү сунуш кылып келет. Тренингде Германия кызматташтык уюмунун өнүктүрүү маселелери боюнча адис Себастьян Гесс жана ыктыярчы Азамат Абдурахманов кененирээк маалымат беришти.
Долбоордун максаты жаштардын экономикалык жана коомдук жашоого катышуусуна багытталган саясатты жана чараларды жакшыртуу болуп эсептелет.

Долбоордун кызматкери иш үстүндө

Учурдун талабына ылайык жумуш менен камсыз кылууну (жумушчу орундарды түзүүнү), социалдык коргоону, саламаттык сактоону жана билим берүүнү камтыган комплекстүү мамлекеттик программа абдан керек жана зарыл. Тренингдин жүрүшүндө адистер жаштар үчүн тил курстарын ачуу, 11-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн Жалпы республикалык тестирлөөгө даярдоо курстарын ачууга, кошумча окуу куралдарын алып берүүгө, айымдар үчүн жеке ишкана ачууга жардам берерин баса белгилешти.

Тренингдин катышуучулары

Ошондой эле, бул долбоордо мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга дагы колдоо көрсөтүүлөрү айтылды. Тренинге Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы, айыл жаштары, мугалимдер, айыл өкмөттүн социалдык кызматкери, Шапак медиа борборунун волонтёрлору катышты. Катышуучулар кызыккан суроолорун берип, аларга жооп ала алышты.

Мониторинг жүргүзүү учуру

Аделя Тилек кызы
Айжаркын Эркинбек кызы